Керемет! FIFA эң мыкты голдун ээсин тапты

© AP Photo / Frank Augstein"Арсенал" клубунун оюнчусу Оливье Жиру
Арсенал клубунун оюнчусу Оливье Жиру - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул голду Жиру жылдын башында Англия чемпионатында "Кристал Пэлас"командасынын дарбазасына киргизген

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. "Арсенал" клубунун оюнчусу Оливье Жиру быйыл атаандашынын дарбазасына киргизген эң кооз голу үчүн Ференц Пушкаш атындагы сыйлыкка ээ болду.

​Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын сыйлык тапшыруу аземинде билгилүү болду.

Церемония награждения лучшим футболистам мира 2017 года по версии Международной федерации футбола (FIFA) - Sputnik Кыргызстан
Мыктылардын мыктысы: Роналду менен Зидан алдына киши салгыдай эмес
Сыйлыкка жеткирген голду Жиру жылдын башында Англия чемпионатында "Кристал Пэлас"командасынын дарбазасына киргизген.

Бул сыйлыкка Жирудан сыткары, "Бароки" (Түштүк Африка республикасы) командасынын дарбазачысы Оскарине Масулуке менен Венесуэланын курама командасынын оюнчусу Дейна Кастельянос ат салышкан.

1950-жылдарда Венгрия командасынын "алтын курамынын" капитаны Ференц Пушкаштын атындагы сыйлык жыл ичинде киргизилген эң мыкты голдун ээсине берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0