Мыктылардын мыктысы: Роналду менен Зидан алдына киши салгыдай эмес

© AFP / BEN STANSALLЦеремония награждения лучшим футболистам мира 2017 года по версии Международной федерации футбола (FIFA)
Церемония награждения лучшим футболистам мира 2017 года по версии Международной федерации футбола (FIFA) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол дөө-шааларын тандоо салтанаты дүйшөмбү күнү Лондон шаарында өттү

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. "Реал" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу деп табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Футбол дөө-шааларын тандоо салтанаты дүйшөмбү күнү Лондон шаарында өттү. Бул жеңишке жетүү менен футболчу "Барсанын" жылдызы Лионель Месси жана "Пари Сен-Жермен" клубунун чабуулчусу Неймарды артта калтырды.

Роналду бул жолку сыйлыгынан кийинки сезимдерин өзүнүн Twitter тармагындагы баракчасына жазды.

​"Бул сыйлыкты дагы бир жолу алуу мага укмуштуу сезимдерди тартуулады. Жеңишимди үй-бүлөмө, досторума, машыктыруучуларыма жана "Реал" клубу менен Португалиянын курама командасындагы кесиптештериме арнайм", — деди ал.

Ушул эле салтанатта "Реалдын" башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан дагы жеңишке жетишти. Быйыл Зидандын артында "Челси" менен "Ювентус" клубдарынын машыктыруучулары Антонио Конте менен Массимилиано Аллегри калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0