WEF: жакында Борбор Азиянын күчтүү мушкерлери сегиз бурчтукта жолугушат

© Sputnik / Табылды КадырбековММА балбандары беттеш учрунда. Архив
ММА балбандары беттеш учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттештен түшкөн каражаттын бардыгы кайрымдуулукка жумшалат

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында "WEF Global-10: Улуу жибек жолунун аскерлери" аталышындагы эл аралык ири турнир өтөт. Бул тууралуу WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жазып чыкты.

Турнир 22-ноябрда башталып, чемпиондук кур үчүн үч беттеш өтөт.

"Аталган турнирде Борбор Азиянын күчтүү мушкерлери ат салышат. Рейтинг үчүн беттештен сырткары чемпиондук курга үч беттеш берилген. Билеттен түшкөн каражаттын бардыгы кайрымдуулукка жумшалат", — деди Кыдырмышев.

Бул ири турнирге чейин 28-октябрда профессионалдар арасында кулатуу эр таймаш боюнча WEF-42 Proffight беттеши өтөт. Белгилей кетсек, WEF беттештери төрт — спорт сүйүүчүлөр үчүн — Amateur, тандап алуу — Selection, проффесионалдар арасында — Proffight, эң күчтүү мушкерлердики — Global серияларында өтөт.

WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
WEF жетекчиси Кыдырмышев: бир телефондук чалуу үчүн 20 миң долларга сынгам
Эске сала кетсек, 21-22 октябрь күндөрү WEF федерациясы спорт сүйүүчүлөр арасында Казакстандын Кордай районунда кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык турнир өткөргөн. Анда 33 түрдөгү салмак категориясында жүздөн ашык спортчу күч сынашып, жалпысынан 40 мушкер алдыңкы орундарды камсыздаган. 

WEF (World ertaymash Federation) ММА боюнча беделдүү турнирлерди өткөрүп, мушкерлердин рейтингин эл аралык Sherdog порталына каттап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0