Sputnik Мьянма менен Кыргызстандын футболдук беттешин түз алып көрсөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш бүгүн Мьянманын Янгон шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 18.30да башталат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Мьянма менен Кыргызстандын футболдук беттешин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги түз алып көрсөтөт.

Оюн бүгүн, 10-октябрда Мьянманын Янгон шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 18.30да башталат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Александр Крестинин: Мьянма менен үйдөгү оюнубуздан кол жуудурушкан
Мурдараак Кыргызстандын Футбол федерациясы матчты түз эфирден чагылдыруу укугун алышкан. Оюнду КТРК Спорт телеканалы көрсөтөт. Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги КТРКнын жетекчилиги менен сүйлөшүп оюнду ретрансляция аркылуу көрсөтүү укугуна ээ болду. Беттешти көрүүчүлөр sputnik.kg жана ru.sputnik.kg сайтынан көрө алышат.

Белгилей кетсек, улуттук курама команданын мьянмалыктар менен таймашы 5-сентябрда Бишкекте өтмөк. Бирок Мьянмадагы кырдаалга байланыштуу коопсуздукту сактоо максатында беттеш токтотулган болчу.

Азия кубогу үчүн тандоо турунан өткөндөр 2019-жылы боло турган Азия кубогуна катышат. Кыргызстан Макао, Индия жана Мьянма менен бир группага түшкөн. Буга чейин ата мекендик футболчулар Макао курама командасын 1:0 эсебинде жеңсе, идиялыктарга 0:1 эсебинде жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0