Боксчу Жордж Форман актер Стивен Сигалды беттешке чакырды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСтивен Сигал подписал именную звезду на московской Аллее Славы
Стивен Сигал подписал именную звезду на московской Аллее Славы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форман беттешке бокс эрежеси менен чыгарын айтып, Сигалга "каалаган ыкмаңды колдон" деп кайрылган

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону Жордж Форман Twitter баракчасы аркылуу актер Стивен Сигалды беттешке чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

​"Стивен Сигал мен сени жекеме-жеке чыгууга чакырам. Мен бокс эрежелерин, сен каалаган ыкмаңды колдон", — деп жазган ал.

68 жаштагы боксчунун постуна 20 миң "лайк" басылып, тогуз миң колдонуучу бөлүшкөн.

Сигал 65 жашта. Ал жоокер өнөрүнүн чебери, айкидонун жетинчи данынын ээси. Ал Формандын постуна жооп бере элек.

Форман 1994-жылы WBC жана IBF боюнча чемпиондукту багындырып улуу боксчу аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0