Макгрегор Нурмагомедов менен кандай шартта беттешерин айтты

© AFP / John GurzinskiИрландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хабиб Нурмагомедов Россиядан чыккан белгилүү UFC мушкери болуп саналат

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедовдун салмагы туура келсе гана беттеше турганын жар салды. Бул тууралуу Р-Спорт билдирди. 

Нурмагомедов буга чейин Лас-Вегаста Макгрегорду күч сынашууга чакырган.

"Хабиб менен Россияда беттешүү албетте, сонун, бирок акылга сыйгыс көрүнүш. Баарын убакыт көрсөтөт. Мен анын салмак боюнча көйгөйдөн арылганын көргүм келет", — деген Макгрегордун сөзүн Mmmafrenzy келтирди.

Россиялык спортчу Нурмагомедов белгилүү UFC мушкери. Мартта жеңил салмактагы утурумдук чемпион титулу үчүн америкалык Тони Фергюсон менен саламаттыгына байланыштуу беттеше албай калган. Нурмагомедов салмак кууп жатып ден соолугуна залал келтирип алган.

Макгрегор август айында Флойд Мейвезер менен болгон беттештен жеңилип калып, бирок карьерасын уланта берерин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0