12:46 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архивдик сүрөт

Азия оюндары: кыргызстандык спортчулардын байге куржунунда 17 медаль

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Ашхабаддагы жабык имараттагы V Азия оюндары (17)
71510

Бүгүн спортчулар баскетбол, бел боо күрөшү, бильярд, ат спорту, футзал, жеңил атлетика, теннис, күрөш, тайбокс, таэквондо, велотрек жана оор атлетика боюнча мөрөй талашмакчы.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарынын 19-сентябрдагы жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчулар үч күмүш, алты коло медалга ээ болушту.

Мында байгелерди бел боо күрөшүнүн эркин ыкмалары жана жеңил атлетика боюнча күч сынашкан кыз-келиндер менен жигиттер алып келишти.

70 килограммдан жогору салмак категориясында ат салышкан Алтынай Мамарасул кызы 80 килограмм салмак категориясында таймашка чыккан Руслан Табалдиев финалда атаандаштарына утулуп экинчи болушса, коло медалды балбандар Ильяс Нишанов (100 кг), Кадыр Келсинбеков (100 килограммдан жогору), Анара Рыскулова (55 кг), Уулкан Алибай кызы (65 кг) жана Назира Арзыбекова (70 килограммдан жогору) багындырды.

Мындан тышкары, 1500 метр аралыкка чуркоо боюнча жөө күлүктөр Гүлшанай Сатарова марага экинчи болуп келсе, ага удаа Арина Клещукова чуркап келип коло медаль тагынды.

Бүгүн, 20-сентябрда дагы таймаш улантылат. Бул күнү Ашхабад шаарында спортчулар баскетбол, бел боо күрөшү, бильярд, ат спорту, футзал, жеңил атлетика, теннис, күрөш, тайбокс, таэквондо, велотрек жана оор атлетика боюнча мөрөй талашмакчы.

Тема:
Ашхабаддагы жабык имараттагы V Азия оюндары (17)

Тема боюнча

Дастан Шаршеев Москвада Russian Challenge 4 турниринде беттешке чыгат
Азиададан алгачкы медаль! Кыргызстандык мушкер Бекишев коло тагынды
Белгилер:
жеңил атлетика, күрөш, Азия

ЭҢ МААНИЛҮҮ