"Кайра кетем!" Александр Крестинин тууралуу 5 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин
Главный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 19-сентябрь, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын, бишкектик "Дордой" клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 39 жашка чыкты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз футболунун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан Крестинин тууралуу 5 факты сунуштайт.

Россияда төрөлүп-өскөн. Крестинин Александр Сергеевич 1978-жыл 19-сентябрда Россиянын Краснодар шаарында туулган. Анын спортко болгон шыгын олимпиадалык резервдик мектептин машыктыруучусу байкаган. Балалыгы аталган шаарда өтүп, жергиликтүү футболдук клубда тарбияланган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Казакстан командаларынынн ортосундагы жолдоштук беттеш учурунда
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова - Sputnik Кыргызстан
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Казакстан командаларынынн ортосундагы жолдоштук беттеш учурунда

32 жашында Кыргызстанга келген. Футболчу көп убакыт бою Россиянын, Казакстандын белгилүү клубдарында ойноп келген. 2010-жылы Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасынын сунушу менен Кыргызстанга келген. Ал кезде 32 жашта болчу. Крестинин "Нефтчиге" келгенде талапка жооп берерлик шарт болгон эмес. "Кайра кетем" деп жатканда клубдун жетекчилери машыктыруучулу болуп берүүнү суранышкан. Ошентип 2010-жылы Крестининдин машыктыруучулук карьерасы башталган. Төрт жылдан кийин улуттук курама команданы даярдай баштаган.

Кыргыз командасын гүлдөткөн орус машыктыруучу. Крестининдин улуттук курама команданын башына келгенине үч жыл болду. Бул аралыкта Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде рекорд жаратып, 200дөн ашык мамлекеттин арасынан 99-орунга илинди. Бул көрсөткүч менен улуттук курама команда Латвия, Эстония, Армения, Финляндия жана башка командаларды артка калтырды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлександр Крестинин Кыргызстан — Тажикстан футболдук беттешинин алдындагы маалымат жыйында
Футбольный матч Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Александр Крестинин Кыргызстан — Тажикстан футболдук беттешинин алдындагы маалымат жыйында

Спорттук карьерасындагы ийгиликтери. Беделдүү делген "Колос", "Ростсельмаш-2", "Кубань", "Газовик", "Каспий", "Спартак-Щелково", "Металлург", "Автодор", "Нефтчи", "Легион" командаларында ойноп, бир топ жетишкендиктерге ээ болгон. "Нефтчи" менен 2010-жылы Кыргызстандын чемпиону аталган. 2017-жылдын июнь айынан тарта бишкектик "Дордой" клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.

Үй-бүлөлүү. Өзү 19, жубайы 18 жаш курагында баш кошушкан. Бир уул жана бир кызды тарбиялашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0