Саматов: Астанада кыргыз улакчыларын сабады деген видеону көрүп уялып жатам

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Жыргалбек Саматов
Депутат Жыргалбек Саматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыргалбек Саматов көк бөрүдө бири-бирине камчы уруу кадыресе көрүнүш экенин айтып, ага анча көңүл бурбоого чакырды

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Астанада өткөн көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында казак оюнчулары кыргыз улакчыларын камчы менен уруп жаткан учурлары тартылган видео социалдык тармактарга жарыялынды.

Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов бул видеонун чыгып кеткенин уят көрүнүш катары сыпаттады.

"Оюнда балким камчы менен атты уруп жатканда тийип кеткендир же атайылашкандыр… Бирок биз чыныгы көк бөрүчүбүз, жигитпиз десек андай майда-чүйдө нерселерге көңүл бурбашыбыз керек. Өзүңөр билгендей көк бөрү экстрималдуу оюндардын катарына кирет. Мындай нерселер буга чейин да болуп келген. Кыргызстандагы клубдук оюндарда деле бири-бири менен чатакташкан учурлар көп кездешет. Чынын айтсам, ал видеону көрүп аябай уялып жатам. Эми кыргыздар үйүнө барып алып догурунуп жатышат деп казактар эле эмес, башка өлкөлөр да күлөт да", — деди Саматов.

Илмиянов: көк бөрүчүлөргө ат минбегендер, улак көрбөгөндөр сын тагууда - Sputnik Кыргызстан
Илмиянов: көк бөрүчүлөргө ат минбегендер, улак көрбөгөндөр сын тагууда
Мындан сырткары ал кыргыз улакчыларынын бири да оюндан катуу жаракат албаганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Казакстандын борбору Астанада 21-28-август күндөрү түрк элинин салттык спортуна кирген көкпар (көк бөрү) оюну боюнча дүйнө чемпионаты өткөрүлгөн. Ага 11 өлкө катышып, Кыргызстан менен Казакстандын командалары финалдык беттешке чыккан. Ал эми чемпиондукту казак улакчылары камсыздаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0