Валентина Шевченко UFC турниринин эң жеңил салмак категориясына өтүүнү чечти

© Фото / Dani DiamondКыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун архивдик сүрөтү
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC турнириндеги бул категория жаңы салмак болуп эсептелет жана аны "чымындын салмагы" деп да атап коюшат

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 215 турниринде жеңил салмак категориясында бразилиялык Аманда Нуньестен жеңилип калгандан кийин өтө жеңил салмак категориясына өтүүнү чечкен. Бул тууралуу ал Submission радиосуна берген маегинде билдирген.

Мушкер эмне себептен мындай кадамга барып жатканын түшүндүрүп берген.

"Мен 125 фунттук (57 килограмм салмакка чейин) салмак категориясына өтүүнү ойлонуп жатам. Кийинки беттештерим эң жеңил салмак дивизионунда болот. 135 фунт салмакта (61 килограмм) өзүмдү жакшы сезгендей, 125 фунтта дагы өзүмдүн бардык мүмкүнчүлүгүмдү, техникамды колдонуп, атаандаштар менен мушташа алам. Бул менин салмак категориям", — деди Шевченко.

Бой Валентины Шевчкенко в Амандой Нуньес - Sputnik Кыргызстан
Шевченко Нуньес менен болгон беттештен кийин депрессияга түшпөй турганын айтты
Ал ошондой эле жеңил салмак категориясына кайтып келиши ыктымалдыгын айтып, атаандашы менен реваншка чыгышы мүмкүндүгүн жашырган эмес.

"Албетте мен Аманда менен беттешүүнү пландап жатам. Кийинки беттеште мен мушташты калыстардын чечимине жеткирбей бүтүрөм. Жакындагыдай турнир болбойт. Мен реванш алгым келет. Азыр эмес, бирок жакынкы келечекте мунун бардыгы ишке ашат", — деди Шевченко.

UFC турниринде эң жеңил салмак категориясы жаңы салмак болуп эсептелет жана аны "чымындын салмагы" деп да атап коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0