"Алай" футбол клубу төртүнчү ирет Кыргызстандын чемпиону болду

© Фото / Адилет АалыевОшский футбольный клуб "Алай"
Ошский футбольный клуб Алай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Алай" командасы "Абдыш-Ата" клубу менен оюн талаасына чыккан

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Оштун "Алай" футбол клубу төртүнчү ирет мөөнөтүнөн эрте Кыргызстандын чемпиону аталды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Футбол. РФПЛ. Матч ЦСКА - Динамо - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз дипломаттары элчиликтер арасында өтчү футбол биринчилигине катышат
Топ-Лигадагы футбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын 17-турунда "Алай" командасы "Абдыш-Ата" клубу менен кез келген. Мелдеш жекшемби күнү Ош шаарында өттү. Оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды.

Маалыматка ылайык, "Алай" клубу мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздай алды. Анткени буга чейинки топтогон упайы кошулуп жыйынтык чыгарылган.

Топ-Лигада "Алай", "Абдыш-Ата", "Дордой", "Нефтчи", "Алга" жана "Кара-Балта" командалары ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0