Дастан Шаршеев Москвада Russian Challenge 4 турниринде беттешке чыгат

© Фото / Сергей БыковскийКыргызстанский кикбоксер Дастан Али Шаршеев
Кыргызстанский кикбоксер Дастан Али Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал россиялык атаандашы Рашид Салихов менен күч сынашат

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Дастан Али Шаршеев кикбоксинг боюнча Москвада өтө турган Russian Challenge 4 турнирине катышат. Бул тууралуу спортчу өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал россиялык атаандашы Рашид Салихов менен күч сынашат. Таймаш турнирдин башкы беттеши болмокчу.

"Мелдеш 24-сентябрда өтөт. Бул турнирге буга чейин да төрт жолу катышып жеңишке жетишкем. Бул мен үчүн маанилүү беттеш. Мындан утуп чыксам, дүйнө чемпиондугу үчүн ат салышууга жол ачылат", — деди Шаршеев.

Белгилей кетсек, Дастан Али Шаршеев буга чейин Таиландда өткөн тай бокс боюнча мелдеште өлкөнүн беш жолку чемпиону менен чыгып, аны 3-раундда нокаут менен утуп алган. Андан кийин Казань шаарында өткөн реванш-беттешүүдө россиялык атандашы Антон Калининди жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0