15:02 24 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Олимпиада шакекчелери. Архив

XXV кышкы Олимпиада оюндарын ким өткөрөрү Миландагы жыйында аныкталат

© Sputnik / Гильем Бейкер
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
43 0 0

Кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө Австрия, Швейцария, Норвегия жана Канада арыз берген.

БИШКЕК, 17-cен. — Sputnik. 2026-жылы боло турчу кышкы Олимпиада оюндары кайсы өлкөдө өтөрү Миланда боло турчу Дүйнөлүк олимпиадалык комитеттин (ДОК) жыйынында аныкталат. Бул тууралуу Р-Спорт агенттиги жазып чыкты. 

Премьер-министр Сапар Исаков жабык имаратта өтө турган аскер өнөрү боюнча V Азия оюндарына катышчу спортчуларды узатуу салтанатына катышты
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Азырынча кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө Австрия, Швейцария, Норвегия жана Канада арыз берген.

Буга чейин ДОКтун 2019-жылга пландалган 134-жыйыны кайда өтөрү белгисиз болуп келген. Өткөн аптадагы 131-жыйында 2026-жылкы кышкы Олимпиаданын тагдырын чечкен чогулуш Миланда болору айтылды. Ал эми 132-133-жыйындары кийинки жылы Түштүк Корея менен Аргентинада өтөт.

Эске сала кетсек, 2014-жылкы кышкы Олимпиада оюндары Россиянын Сочи шаарында өткөн. 2018-жылкы оюндар Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында болору пландалууда. Ал эми 2022-жылкы кышкы Олимпиада Кытайдын борбору Пекинде өтөт.

Тема боюнча

Кыргызстандык оор атлетчилер дүйнө чемпионатына катышууга камынууда
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Азия чемпиону болду
Белгилер:
Олимпиадалык оюндар, Милан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ