Рингде жеңилип көрбөгөн мушкер Акжол кыргыздын желегин дагы бир ирет желбиретти

© Sputnik / Табылды КадырбековБоксчулар беттеш учрунда. Архив
Боксчулар беттеш учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу Екатеринбург шаарында бир жылдан бери машыгып келет

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу профессионалдар арасындагы беттеште жеңишке жетти. 

Бокс боюнча Extra Round 3 аталышындагы эл аралык турнир 16-сентябрда Екатеринбург шаарында өттү. Анда 26 спортчунун катышуусунда 13 беттеш болду.

Мекендешибиз 59 килограмм салмактагылар арасында беттешип, россиялык Евгений Смеловду жеңип алды. 

Ошентип Акжол Сулайманбек уулу профессионалдар арасында сегизинчи ирет жеңишке жетип отурат. Ал буга чейин бир дагы жолу жеңилген эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0