Бишкекте октябрь айында 1200 киши катышкан жарым марафон өтөт

© AFP / Mark Ralston Марафон среди женщин олимпийской сборной США
Марафон среди женщин олимпийской сборной США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар быйыл катышуучулардын саны былтыркыга салыштырмалуу төрт эсе көп экенин эскертет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкекте октябрь айында "Мол Булак Күз Деми 2017" аттуу жарым марафон өтөт. Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучусу "Тонус" коомдук фондунун жетекчиси Урмат Насыкулов билдирди.

Жарыш 8-октябрда "Бишкек — "Манас" аэропорту" жолунун 5чи, 10чу жана 21-чакырымдарында өтөт.

Былтыр алгачкы жолу уюштурулганда 350гө жакын киши катышкан. Жазында уюштурулган жарышка 900дөн ашык адам келген. Алдыда боло турчу жарым марафонго 1200 киши катышары болжонууда. Ошондой эле жакынкы жана алыскы 20 чет мамлекеттен келген кишилер да ат салышат.

Иш чара 8-октябрда эртең менен саат 8:30да "Аска-Таш" мемориалдык комплексинин жанында башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0