Мушкер Барчынай: кыздар менен чабышканды спортко келгенде токтоттум

© Sputnik / Жоомарт УраимовСпортчу Барчынай Узгенбаева
Спортчу Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрь айынын башында Астана шаарында өткөн грэпплинг боюнча Азия биринчилигинде өлкө атынан 14 спортчу катышып, жыйынтыгында он медаль утуп, эки спортчу чемпион аталган.

Чемпион болгондордун бири 22 жаштагы Барчынай Узгенбаева дароо эки алтын медалга татыды. Спортчу кыз менен журналист Гүлдана Талантбекова жакындан таанышты.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБарчынай Узгенбаева: грэпплингде кайрып алуу ыкмасы көп болгондуктан, кол менен бутту кайсы жерден алып чыгам деп ойлонуп иш кылыш керек. Тагыраагы, кара күчкө эмес, акылга көбүрөөк таянуу зарыл
Боец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Барчынай Узгенбаева: грэпплингде кайрып алуу ыкмасы көп болгондуктан, кол менен бутту кайсы жерден алып чыгам деп ойлонуп иш кылыш керек. Тагыраагы, кара күчкө эмес, акылга көбүрөөк таянуу зарыл

— Барчынай, жеңишиңиз кут болсун. Бир барганда эки медалды эңип келүү оңой болбосо керек?

— Беттештин No-Gi жана Gi эки башка бөлүгүндө күч сынаштым. Атаандаштарым күчтүү, тажрыйбалуу экен. Финалдык бөлүктө дзюдо жана самбо боюнча Азиянын чемпиону болгон казак кыз менен чыгып, намысты алдырган жокмун. Жеңишим үчүн кубанычтамын. Даярдыгыма жараша жыйынтык көрсөтө алдым деп ойлойм.

— Грэпплингдин башка спорттон өзгөчөлүгү эмнеде?

— Бул спортто күрөшүү ыкмалары көбүрөөк колдонулат. Грэпплингде кайрып алуу ыкмасы көп болгондуктан, кол менен бутту кайсы жерден алып чыгам деп ойлонуп иш кылыш керек. Тагыраагы, кара күчкө эмес, акылга көбүрөөк таянуу зарыл.

© Sputnik / Табылды КадырбековБарчынай Узгенбаева: спортко мектеп курагынан тарта эле кызыгып келем. 9-класста окуп жүргөндө өзүм туулуп-өскөн Ош шаарындагы "Алыш" залына бокска барып, кийинчерээк таэквандо, дзюдо менен алектене баштадым
Боец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Барчынай Узгенбаева: спортко мектеп курагынан тарта эле кызыгып келем. 9-класста окуп жүргөндө өзүм туулуп-өскөн Ош шаарындагы "Алыш" залына бокска барып, кийинчерээк таэквандо, дзюдо менен алектене баштадым

— Беттешип жатканда ойлонгонго убакыт болобу?

— Албетте, бул үчүн машыктыруучулар психологиялык жактан даярдашат.

— Барчынай кантип спортчуга айланды?

— Спортко мектеп курагынан тарта эле кызыгып келем. 9-класста окуп жүргөндө өзүм туулуп-өскөн Ош шаарындагы "Алыш" залына бокска барып, кийинчерээк таэквандо, дзюдо менен алектене баштадым. Топ балдар машыккан залда жалгыз кыз элем.

— Анан спортчу кыздын мектеп курагы кандай өттү? Бизде күрөшкө барган кыздар абдан шок болчу эле?

— Кыздар менен мушташып, мектептин атаманы болуп эле жүрчүмүн. Бирок залга барып баштагандан кийин урушканды токтоттум. Бир жолу машыктыруучум Таалай Сатиев агай чакырып "өзүн сыйлаган кесипкөй спортчу болом десең, күчтүүлүгүңдү беттештерде көрсөт" деп кеп-кеңешин айткан. Кыязы, мен тууралуу угуп же көрүп жүргөн окшойт. Азыр деле кандайдыр бир маселе жаралса, ызы-чууга айлантпай эле чечип алам.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБарчынай Узгенбаева: окуу убагында жиу-житсу, кол таймашы боюнча машыгып жүрдүм. Аталган спорттун түрлөрү боюнча Борбор Азия чемпиондугунда коло, күмүш медалдарды тагындым
Боец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Барчынай Узгенбаева: окуу убагында жиу-житсу, кол таймашы боюнча машыгып жүрдүм. Аталган спорттун түрлөрү боюнча Борбор Азия чемпиондугунда коло, күмүш медалдарды тагындым

— Жакындарыңыз спорттук карьераңызга кандай көз карашта?

— Апам абдан колдойт. Ошто жүргөндө залга барбай калсам, "эмнеге машыкпай калдың" деп сурап турчу. Бирок чыга турчу беттештеримди айтпайм. Сарсанаа болбосун деп бүткөндөн кийин кабарлап коем.

— Түшүнүктүү. Быйыл Ички иштер министрлигинин академиясын аяктап, милициянын лейтенанты наамын алыптырсыз. Окуу менен спортту айкалыштырууда тоскоолдуктар болдубу?

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
— Окуу убагында жиу-житсу, кол таймашы боюнча машыгып жүрдүм. Аталган спорттун түрлөрү боюнча Борбор Азия чемпиондугунда коло, күмүш медалдарды тагындым.

2015-жылы күтүүсүз жерден Алматыда өтө турчу ММА турнирине сунуш түшүп калды. Беттеш эртеси болмок экен, мен даяр эмес болчумун. Атаандашым менден 8 килограмм оор, анан, албетте, күчтүү экен. Утулуп калдым. Бирок эрежесиз мушташ абдан жагып калды. 2016-жылы ноябрда "Жаш-күч" спорттук клубу тарабынан уюшулган JFC турнирине катышып, атаандашымды утуп алгам.

Окууну бүткөндөн кийин бир айга чукул Ошто иштеп көрдүм. Машыгуум борбордо калып калды. Спортко профессионалдуу түрдө мамиле кылам десең, жумушуңа жолтоо болуп калат экен. Мен спортту тандадым.

— Келечекте кесибиңиз менен иштешиңиз мүмкүнбү?

— Балким, азыр бир нерсе деп айтуу эрте. Академияга деле форма кийип, элиме жардам берсем деген тилек менен тапшыргам.

— Учурда өзүңүз машыккан Fighter KG клубуна кантип келип калгансыз?

Чемпионка КР по рукопашному бою Бегимжан Касымова - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Бегимжан: жигиттер спортчу экенимди билгенде "житип" кетет
— 2-курсту аяктап калганда спортчу Бексултан Өмүрзаков аркылуу Кенжебек Чекиров агай жетектеген Fighter KG клубуна келдим. Мурун аталган клубдун ички ынтымагы, биримдиги, жетекчисинин тарбия-таалими, беттешке даярдаган өзгөчөлүгү тууралуу жакшы пикирлерди укчумун. Бирок ал жакка барганын барып алып, калышым оор болду. Залда жалаң эркек балдар экен, Кенжебек агай "менин залымда кыздардын машыгуусун көп колдобойм" деди. Бирок бир жума сынап көрүп, залга кабыл алды. Мени ушул деңгээлге жеткирген үчүн агайыма ыраазычылык билдирем.

— Күнүмдүк машыгууларыңыз кандай өтөт?

— Күндө кечинде үч сааттай машыгам. Таамай сокку, дененин туруктуу калыбы үчүн бокс менен, партерде аксабаш үчүн грэпплинг менен машыгып, эс алуу күндөрү таза абада узакка чуркайм.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБарчынай Узгенбаева: жигитим жок. Үй-бүлөнү буюрган күнү кураармын. Спорт үчүн жумушумдан баш тарттым. Башкы максатым — UFCтин сегиз бурчтугунда күч сынашуу
Боец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Барчынай Узгенбаева: жигитим жок. Үй-бүлөнү буюрган күнү кураармын. Спорт үчүн жумушумдан баш тарттым. Башкы максатым — UFCтин сегиз бурчтугунда күч сынашуу

— Сизде машыгуу бүтөөрү менен боено калган учурлар болобу?

— Андай деле болбойт. Күнүмдүк жашоодо деле көп боено бербейм. Болгону көзүмдүн үстүн бир аз чийип коем.

— Жеке баамыңызда сырттагы кишилер спортчу экениңизди дароо эле билишеби?

— Басканыман билип коюшат. Жөн эле кетип баратсам "могу кыз спортчу ошкойт" деген шыбыр кептерди угуп калам. Түшүнбөйм, болбосо жөн эле басып бараткан болом. Залда тыкан болуп, көчөдө кадимкидей эле кыздардай жүрүү керек деп ойлойм.

— Жеке жашооңуз тууралуу эмне деп айта аласыз?

— Жигитим жок. Үй-бүлөнү буюрган күнү кураармын. Спорт үчүн жумушумдан баш тарттым. Башкы максатым — UFCтин сегиз бурчтугунда күч сынашуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0