02:30 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Спортсменка из Кыргызстана Валентина Шевченко во время боя с бразильянкой Амандой Нуньес в реванш-поединке турнира UFC 215 в Эдмонтоне (Канада)

Шевченко Нуньес менен дагы бир ирет беттешүүнү талап кылды

© REUTERS / Perry Nelson
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши (23)
809 0 0

Кыргызстандык мушкер калыстардын чыгарган чечимине канааттанбаганын билдирип, каршылашына жеңишти жөн эле ыйгарып коюшканын айтты.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Валентина Шевченко Аманда Нуньес менен дагы бир ирет беттеш болсун деген пикирин мелдеш бүтөрү менен билдирди.

Кыргызстандык мушкер бразилиялык Нуньеске беш раунддан кийин упай жагынан утулуп калды. Бирок Шевченко калыстардын мындай чечимине нааразы экенин баса белгиледи.

"Ал бир дагы жолу жакшы чаба алган жок. Эми анын бетин карагыла, менин соккуларымдан кийин кыпкызыл болуп чыкты. Ага эмнеге жеңишти ыйгарышканын мен түшүнбөй турам. Анын эки жолу тэйкдаун кылганынабы? Ал мени капталдан гана соккулады. Мен нааразымын, чечим калыс эмес болуп калды. Дагы бир жолу беттешели", — деди Шевченко.

Кыргызстандык мушкер кыз жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону титулу үчүн ат салышкан. Ал эми Нуньес дүйнө чемпиону наамын былтыр америкалык мушкер Ронда Роузини жеңип ээ болгон.

Шевченко ушуну менен 14 беттешти жеңип, 3 жолу утулса, бразилиялык мушкер 15 жолу жеңишти камсыздап, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Тема:
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши (23)

Тема боюнча

Валентина Шевченко бразилиялык каршылашы Нуньеске жеңилип калды
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
Белгилер:
мелдеш, мушташ, Аманда Нуньес, Валентина Шевченко, Канада

ЭҢ МААНИЛҮҮ