Шевченко лезгинканы катыра бийлеп көрүүчүлөрдүн көзүн күйгүздү. Видео

© Фото / Анастасия МарченкоТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC 215 турниринин алкагында Валентина Шевченко менен Аманда Нуньес ачык машыгууларын көрсөттү

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 215 турниринин алкагында өткөн ачык машыгуу учурунда көрүүчүлөрдү лезгинка бийлеп таң калдырды. Ачык машыгуу Канаданын Эдмонтон шаарында өткөн.

​Мушкердин бийин MMA Fighting спорт басылмасы өзүнүн Twitter баракчасына жайгаштырды.

​Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин ачык машыгуулары жума күнү түндө өттү.

Спортчу кыздардын реванш беттеши Бишкек убактысы боюнча 10-сентябрда эртең менен аталган шаарда өтөт. Беттеш UFC 215 турниринин негизги окуясы болот.

#Repost @allelbows (@get_repost) ・・・ Lovely setting for #UFC215 open workout #ufc215

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) Сен 7 2017 в 11:55 PDT

Бойцы UFC Валентина Шевченко и Аманда Нуньес на дуэли взглядов в Эдмонтоне (Канада) - Sputnik Кыргызстан
Шевченко атаандашы Нуньести көзүн ирмебестен тике карады. Видео
Шевченко бул мелдеште жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиондугуна ат салышса, Нуньес бул титулду 2016-жылы декабрда америкалык Ронда Роузини жеңип ээ болгон.

Шевченко менен Нуньес 2017-жылы июль айынын башында эле мушташмак, бирок бразилиялык мушкер беттешке саналуу сааттар калганда өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган.

Спортчу кыздар буга чейин да кездешкен, анда Нуньес көп упай топтоп жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0