Кыргызстандыктар Ысык-Көлдөн 65 чакырым аралыкты эстафета менен сүзүп өттү

© Фото / Учкун ЖумакадыровЭстафетный заплыв на 65 км на Иссык-Куле
Эстафетный заплыв на 65 км на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таймаш 1-сентябрь күнү өтүп, ага 7 адам катышкан

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Алты профессионалдуу сууда сүзүүчү жана эстафетанын бир ышкыбозу Ысык-Көлдүн 65 чакырымын сүзүп өтүштү. Бул тууралуу Эл аралык "Содружество" жаштар коомдук уюмунун мүчөсү жана эстафетанын катышуучусу Учкун Жумакадыров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Аталган эстафета 1-сентябрь күнү өтүп, ага жети адам катышкан. Алар Чолпон-Атадан (түндүк жээги) Тамга айылына (түштүк жээги) чейин сүзүп өтүшкөн.

"Катышуучулардын арасында мен гана сууда сүзүүнүн ышкыбозумун. Калган алтоосу профессионалдуу спортчулар. Алар дайвинг менен машыгат. Жаш курактары да ар кыл — 40тан 60 жашка чейинкилер. Мен 32 жаштамын", — деди Жумакадыров.

Алар 3,5 чакырым сайын эстафетаны бири-бирине өткөрүп берип турушкан.

"Бирөө 3,5 чакырым сүзүп барганга чейин калгандары кезегин күтүп турат. Чарчаган сууда сүзүүчүлөрдү катер менен кемеге алып барат да эстафетаны башкасы кабыл алат. Жалпылап айтканда ар бир катышуучу 11 чакырымдан сүздү", — деди ал.

Бул акциянын максаты спортко жана сууда сүзүүгө элдин көңүлүн буруу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0