Ысык-Көл жээгинде төрт өлкөнүн спортчулары волейбол боюнча ат салышууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүI Европейские игры. Волейбол. Женщины. Матч Нидерланды - Россия
I Европейские игры. Волейбол. Женщины. Матч Нидерланды - Россия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык турнирге Казакстан, Россия, Кытай жана Кыргызстандан жалпы 50дөй команда катышып жатат

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ысык-Көл жээгинде төрт өлкөнүн спортчулары волейбол боюнча ат салыша баштады. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.

Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкери Мелис Жолдошев жоокердик өнөр боюнча Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргойт - Sputnik Кыргызстан
"Тазалыктын" кызматкери жоокердик өнөр боюнча Азия оюндарында өлкө намысын коргойт
Маалыматка ылайык, "Азия — кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы" урааны менен өтүп жаткан эл аралык турнир 5-сентябрда башталды. Ага Казакстан, Россия, Кытай жана Кыргызстандан чогулган 50дөй команда катышып жатат. Классикалык жана пляж волейболу боюнча мелдеш кыздар жана эркектер арасында өтүүдө.

Андан сырткары, аталган спорттук иш-чаранын алкагында кол күрөш, стритбол, аркан тартыш, сууда сүзүү, оордук көтөрүү, жеңил атлетика, самбо, футбол боюнча мелдештер пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0