Месси "Барселона" клубунда эле калмай болду

© REUTERS / JUAN MEDINAСуперкубок Испании. Реал Мадрид — Барселона
Суперкубок Испании. Реал Мадрид — Барселона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Месси Аргентина курама командасынан кайтып келгенден кийин расмий фотосессия жана протоколдук кол коюу болот

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси клубда калмай болду. Анын "Барселона" клубу менен болгон келишимине атасы кол койгонун Р-Спорт сайты билдирди.

Июль айында "Барселона" Месси менен болгон келишим 2021-жылдын 30-июнуна чейин узартылганын расмий түрдө маалымдаган. Дүйшөмбү күнү айрым ЖМКлар "Барселона" клубунун президенттигине мурдагы талапкер Агусти Бенедито клубдун азыркы жетекчиси Жозеп Бартомеу башында турган курамга ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин Месси келишимди узартуу сунушун убактылуу токтотуп турган.

"Бардыгы макулдашылып, кол коюлду. Негизинен үч келишим бар. Бирөө Мессинин фондусу менен түзүлгөн. Ага фонддун президенти менен футболчунун бир тууганы тарабынан кол коюлган. Андан сырткары, Мессинин сүрөттөрүнө уруксат алуу боюнча келишим бар. Ага оюнчунун атасы кол койду. Ал компаниянын администратору болуп эсептелет. Ошондой эле Мессинин атасынын колу коюлган эмгек келишими бар", — деген пикирин Бартомеу айтканын sport-english.com сайты жазды.

Матч Челси против Эвертона - Sputnik Кыргызстан
Уэйн Руни мас абалында унаа айдагандыгы үчүн 300 миң фунт стерлинг айыпка жыгылды
Месси Аргентина курама командасынан кайтып келгенден кийин расмий фотосессия жана протоколдук кол коюу болот.

"Келишимге кол коюлган. Ал 30-июндан тарта күчүнө кирген. Мессинин иш графиги аябай тыгыз болгондуктан бир аз маселе жаралды. Күйөрмандар тынчсызданбай эле койсо болот. Азыр бардыгы жайында", — деп Бартомеу кошумчалаган.

Лионель Мессинин "Барселона" менен болгон азыркы келишим 2018-жылдын жайында күчүн жоготот.

Жаңылыктар түрмөгү
0