ЖМК: Месси кийинки жылы "Барсадан" кетет

© REUTERS / Juan MedinaСуперкубок Испании. Реал Мадрид — Барселона
Суперкубок Испании. Реал Мадрид — Барселона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчу учурда "Барса" менен келишимди узартуудан баш тартууда

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Аргентиналык футболчу Лионель Месси 2018-жылдын жай айларында "Барселона" клубунан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Daily Post басылмасына таянуу менен РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, Месси өз клубундагы трансфердик саясатка макул эмес. Мындан улам азырынча "Барса" менен келишимди узартуудан баш тартууда.

Белгилей кетсек, футболчу менен клубдун ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтү кийинки жылдын жай айларында аяктайт. Ал эми "Р-Спорт" агенттиги болсо Мессинин "Манчестер ситиге" өтөөрүн жазып чыккан.

Эске сала кетсек, буга чейин Мессинин оюн талаасындагы өнөктөшү Неймар "Барса" командасынан "ПСЖ" клубуна рекорддук 222 миллион еврого өтүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0