ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?

© Фото / бойцовский клуб "Жаш Куч"Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев
Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө ММА спорту кулачын кенен жаюуда. Биздин дагы эрежесиз мушташка чыккан мушкерлерден уучубуз куру эмес.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова кыргыздын атын далайга таанытып жүргөн жаш мушкерлерди тизмектеди.

Валентина Шевченко

© AP Photo / Nam Y. HuhВалентина Шевченко "Ок" каймана атына ээ
Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко "Ок" каймана атына ээ
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 1988-жылы Бишкек шаарында туулган. Шевчкенконун апасы Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси, эжеси Антонина көрүнүктүү спортчу. Азырынча турмушка чыга элек.

Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченконун UFCге карай жолу. Жер сүзгөн мушкер кыздар, канжалаган беттер
Беш жашынан тарта "Фучик" сейил багындагы таэквондо секциясына барып, машыктыруучу Павел Федотовдун колунда тарбияланган. 12 жашында муай-тай боюнча өзүнөн он жаш улуу спортчу менен алгачкы профессионалдык беттешин Россияда өткөрүп, жеңишке жеткен. Ошондон тарта машыктыруучусу "Ок" деген каймана ат берген.

Шевченко тай боксу жана К-1 версиясы боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, тай боксу боюнча аялдар арасында дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси. 2015-жылдан бери UFC уюмунда төрт беттеш өткөрүп, үчөөсүндө жеңип, бирөөсүндө утулуп калган. UFC уюмунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунда.

Мыктыбек Мамасалиев

© Фото / бойцовский клуб "Жаш Куч"Мыктыбек Мамасалиев спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү
Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Мыктыбек Мамасалиев спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү
1989-жылы 31-майда Ош облусундагы Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетин аяктап, учурда Юридикалык академиядан экинчи билимин алып жаткан чагы. Бойдок.

Мамасалиев спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү. Ал атаандаштарын көпкө кармабай терең нокаутка кетирген сапаты менен эсте калат. 14 жашынан тарта бокс менен машыга баштаган. "Жаш күч" спорт клубунун мүчөсү, машыктыруучусу — Замир Сыргабаев.

2008-жылы ММА турниринде Евразия чемпиону, бокс боюнча КРдин үч жолку чемпиону, 2015-жылы Молдовада өткөн ММА турниринде дүйнө чемпиону аталган. Sherdog көрсөткүчү 10-2-0.

Самат Эмилбеков

© Sputnik / Эламан КарымшаковСамат Эмилбеков рингде "Азия жолборсу" каймана атын алып жүрөт
Боец ММА Самат Эмилбеков - Sputnik Кыргызстан
Самат Эмилбеков рингде "Азия жолборсу" каймана атын алып жүрөт
1991-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарчасында төрөлгөн. Бишкектеги 5-кесиптик лицейин бүтүрүп, МУИТ университетинин архитектура факультетин аяктаган. Бойдок.

2008-жылы Бээжинде (Пекин) өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында күмүш медаль женген Канатбек Бегалиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: жылдыз оорусуна кабылып, спортту унутуп койгонума өкүнөм
7 жашында ата-энеси эркин күрөш секциясына алып барган. 2009-жылдан тарта дзюдо менен машыгып, 2012-жылы эрежесиз мушташка келген. Машыктыруучусу — Эмил Токтогонов. Рингде "Азия жолборсу" каймана атын алып жүрөт.

ММА боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону. 2013-2014-жылдары кулатуу эр таймаш боюнча Кыргызстандын чемпиону. Азия чемпионатынан экинчи орунду алган. WEF турниринин бир нече жолку чемпиону. Кулатуу эр таймаштын эл аралык класстагы чебери. Sherdog көрсөткүчү 10-3-0.

Тилек Батыров

© Фото / предоставлено бойцовским клубом "Жаш Куч"Тилек Батыровдун каймана аты — "Баатыр"
Кыргызстанский боец смешанных единоборств Тилек Батыров - Sputnik Кыргызстан
Тилек Батыровдун каймана аты — "Баатыр"
1991-жылы 19-августта Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарчасында туулган. Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

Спортту мектепте окуп жүргөндө грек-рим күрөшү менен баштаган. 2008-жылы Россияга иштегени барып, ал жактан "Жаш күч" спорт клубунда машыгуусун уланткан. Каймана аты — "Баатыр". Машыктыруучусу — Айбек Мусаев.

"Time to fight" турниринин бир нече жолку чемпиону, эл аралык Corona Cup — 2013, Fight Nights — 2014, Tech Kreep Prime — 2014, Alash Pride — 2015, Kunlun Fight — 2015 турнирлеринин жеңүүчүсү. JFC уюмунун чемпиондук курунун ээси. Sherdog көрсөткүчү 10-3-0.

Данияр Бабакулов

© Sputnik / Табылды КадырбековДанияр Бабакулов спортто "Черный рыцарь" каймана аты менен таанымал.
Боец смешанных единоборств Данияр Бабакулов - Sputnik Кыргызстан
Данияр Бабакулов спортто "Черный рыцарь" каймана аты менен таанымал.
1986-жылы 27-январда Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетин сырттан окуп бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

Рефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева - Sputnik Кыргызстан
Рефери Жамиля Боркоева: курсактагы 5 айлык бала менен ринг үстүндө жүрдүм
Мектеп курагында "Жаш күч" спорт клубунда эркин күрөшкө бара баштаган. Кийинчерээк спорттун самбо түрү менен машыгып жүрүп, ММАге өткөн. Рингде "Черный рыцарь" каймана аты менен таанымал.

2011-жылы КРдин самбо чемпиондугунда 2-орун, 2015-2016-жылдары катары менен эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгон. Үч ирет КМШ кубогун багындырган. 2016-жылы JFC уюмунун бел курун тагынган. Sherdog көрсөткүчү 9-6-0.

Актилек Жумабек уулу

© Sputnik / Жоомарт УраимовАктилек Жумабек уулу "Алгыр" каймана аты менен белгилүү
Боец смешанных единоборств Актилек Жумабек уулу - Sputnik Кыргызстан
Актилек Жумабек уулу "Алгыр" каймана аты менен белгилүү
1991-жылы 9-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Дене тарбия жана спорт академиясын сырттан окуйт. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Актилек "Алгыр" каймана аты менен белгилүү. Спорт тармагына келишине агасы себепкер болгон. Эркин күрөш, тай бокс менен баштаган. Машыктыруучусу — Эмил Токтогонов.

Эркин күрөш, тай бокс менен машыгып жүрүп 2009-жылы ММАге аралашып, 5 ирет өлкө чемпиондугун багындырган. 2012-жылы Азия чемпиону, Казакстанда өткөрүлгөн панкратион оюндарынын кубогунун ээси. 2013-жылы Грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону. Sherdog көрсөткүчү 8-6.

Тилек Машрапов

© Sputnik / Табылды КадырбековТилек Машрапов "Жаш күч" спорт клубунда машыгат, агайы Айбек Мусаев
Боец по смешанным единоборствам (ММА) Тилек Машрапов - Sputnik Кыргызстан
Тилек Машрапов "Жаш күч" спорт клубунда машыгат, агайы Айбек Мусаев
1989-жылы 25-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында туулган. Кыргыз мамлекекттик юридикалык академиясын сырттан окуйт. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

2014-жылдан бери эрежесиз эр уруш менен профессионалдык деңгээлде машыгып келет. "Жаш күч" спорт клубунда машыгат, устаты —Айбек Мусаев.

2015-жылы ММА чемпиону, "Time to fight" турниринин үч жолку жеңүүчүсү. Ошондой эле КМШ жана эл аралык турнирлерди бир нече жолу уткан. Sherdog көрсөткүчү 8-2-0.

Барчынай Узгенбаева

© Фото / Сейтек ТолтоевБарчынай Узгенбаева ММА боюнча профессионалдуу беттештердин жеңүүчүсү
Боец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Барчынай Узгенбаева ММА боюнча профессионалдуу беттештердин жеңүүчүсү
1995-жылы Ош шаарында төрөлгөн. ИИМжин академиясын аяктаган, милициянын лейтенанты.

Жеке кармаш боюнча КРдин спорт чебери. Спорттун ар кыл түрү менен алектенет. Грэпплинг, дзюдо, таэквандо боюнча КРдин чемпиону. ММА боюнча профессионалдуу беттештердин жеңүүчүсү.

Бусурманкул Абдубаитов

© Фото / Сейтек ТолтоевБусурманкул Абдубаитов спортто"Алай, алайлык" каймана аты менен жүрөт
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
Бусурманкул Абдубаитов спортто"Алай, алайлык" каймана аты менен жүрөт
1993-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Спортто"Алай, алайлык" каймана аты менен белгилүү. Ал жеңилбес сапаты менен көптү кызыктырат.

2011-жылы "Локомотив" (мурдагы – FighterKG) спорт клубуна келген. Эки жылдан кийин Uni Fight версиясында дүйнө чемпиону, Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону аталган. WEF турниринин аркасы менен Sherdog көрсөткүчүн бир нече ирет толтурган. Sherdog көрсөткүчү 8-2.

Канат Келдибеков

© Sputnik / Жоомарт УраимовКанат Келдибеков сырткы келбетине карап "Тайсон" каймана атына ээ болгон
Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Канат Келдибеков сырткы келбетине карап "Тайсон" каймана атына ээ болгон
Канатбек Келдибеков 1991-жылы 27-мартта Нарын шаарында төрөлгөн. 10 бир туугандын төртүнчүсү. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

2007-жылы агасынын сунушу менен бокска келип, 2011-жылы эрежесиз эр мушташка аралашкан. Сырткы келбетинен улам "Тайсон" каймана атына ээ болгон.

Эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстан чемпиону, Евразия кубогунун, Евразия титулунун ээси, Чолпон-Атада өткөн ММА турниринин жеңүүчүсү. Sherdog көрсөткүчү 6-2-0.

Бегимжан Касымова

© Sputnik / Табылды КадырбековБегимжан Касымова WEF Proffight турниринин жеңүүчүсү
Чемпионка КР по рукопашному бою Бегимжан Касымова - Sputnik Кыргызстан
Бегимжан Касымова WEF Proffight турниринин жеңүүчүсү

1995-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектура факультетин бүтүрүп, учурда ошол эле окуу жайдын эсепчи бөлүмүнөн билим алат. Азырынча турмушка чыга элек.

Касымова эрежесиз эр уруш, кол кармаш боюнча чебер аталып, үч жолу Кыргызстандын чемпиону аталган. Ошондой эле бокс чеберине талапкерлигин коюп, эки жолу өлкө чемпиондугун багындырган. WEF Proffight турниринин жеңүүчүсү. Машыктыруучусу — Эмил Токтогонов.

Жаңылыктар түрмөгү
0