Астанадагы көк бөрү: Кыргызстан Тажикстанды караандатпай утуп алды

Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстандын улакчылары буга чейинки үч оюнда тең жеңишке жеткен

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ушул тапта Астанада көк бөрү боюнча болуп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстан Тажикстандын командасын 15:2 эсеби менен жеңип алды.

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыргалбек Саматов: көк бөрүнүн финалы жеңил болбойт
"А" тайпасындагы командалардын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын улакчылары буга чейинки үч оюнда тең жеңишке жеткен.

21-августта башталган оюндар 27-августта аяктайт. Ал Астананын "Казанат" ат майданында өтүүдө. Ага 11 өлкө катышып жатат. "А" тайпасында Кыргызстан, Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан кирген. Ал эми "В" тайпасында Казакстан, Россия, Венгрия, Кытай жана Афганистан бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0