12 күндө миллион евро тапкан Неймардын кирешеси онлайн эсептелүүдө

© REUTERS / BENOIT TESSIERБразильский футболист, нападающий французского клуба "Пари Сен-Жермен" Неймар
Бразильский футболист, нападающий французского клуба Пари Сен-Жермен Неймар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйөрмандарынын жасаган эсептегичи сайтка жайгаштырылган

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Интернетте бразилиялык футболчу Неймардын "Пари Сен-Жермен" футбол клубунан тапкан кирешесин көрсөтүп турган онлайн эсептегич пайда болду. Бул тууралуу Р-Спорт агенттиги билдирди.

Күйөрмандарынын жасаган эсептегичи сайтка жайгаштырылган.

Ага түшкөн каражат секунд сайын толукталууда. Учурда андагы каражат 970 миң еврого жетти.

Неймар 3-августта 222 миллион еврого "Барселонадан" "ПСЖ" футбол клубуна өткөн. Анын башка клубга өтүшү дүйнөлүк футбол тарыхындагы эң кымбат трансфер болуп эсептелүүдө. Буга чейин "Манчестер Юнайтед" франциялык оюнчуну 105 миллион еврого сатып алуу менен рекорд коюп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0