Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө биринчилигинде ат салышат

© AFP / JACK GUEZКыргызстандын дзюдочу Юрий Краковецкий беттеш учурунда. Архив
Кыргызстандын дзюдочу Юрий Краковецкий беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионат 28-августтан 3-сентябрга чейин Венгрияда өтөт

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө биринчилигинде күч сынаша тургандыгын Дзюдо федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чемпионат 28-августтан 3-сентябрга чейин Венгрияда өтөт. Аталган мелдеште өлкө намысын тогуз спортчу коргойт. Алардын арасында Отар Бестаев, Юрий Краковецкийлер бар.

Будапешт шаарында күч сынаша тургандардын жетөө эркек жана экөө кыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0