ЖМК: Владимир Кличко спорттук карьерасын жыйынтыктамай болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБокс. Поединок Владимир Кличко – Александр Поветкин
Бокс. Поединок Владимир Кличко – Александр Поветкин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчунун мындай чечими британиялык мушкер Энтони Джошуа менен реванш беттешке чыкандан баш тартып жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.

БИШКЕК, 3 авг — Sputnik. Бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону Владимир Кличко спорттук карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу немистик Bild басылмасы жазып чыкты.

Игрок ФК Барселона Неймар - Sputnik Кыргызстан
Неймар "Барсадан" кетерин жар салды
Басылма белгилеп кеткендей, 41 жаштагы Кличко апрелде британиялык мушкер Энтони Джошуага техникалык нокаут менен жеңилип, ноябрда күтүлүп жаткан реванш беттешке чыгуудан баш тарткан. Бул Кличконун бүгүнкү күндөгү соңку беттеши.

Владимир Кличко профессионалдык карьерасында 64 ирет жеңишке жетип (53 нокаут менен), беш жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал 1996-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын чемпиону, дүйнөлүк бокс уюмдарынын (WBO, 2000-2003, 2008-2015), эл аралык бокс федерациясынын (IBF, 2006-2015), дүйнөлүк бокс бирикмесинин (WBA, 2011-2015) оор салмактагы чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0