Неймар "Барсадан" кетерин жар салды

© REUTERS / Albert GeaИгрок ФК "Барселона" Неймар
Игрок ФК Барселона Неймар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчу кесиптештери менен коштошуп, эртең мененки машыгууга барган эмес

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. "Барса" клубунун бразилиялык чабуулчусу Неймар командадан кетери тууралуу маалымат каталониялык футбол уюмунун расмий сайтына чыкты.

Футболчу кетерин команданын эртең мененки машыгуусу учурунда айткан.

Буга чейин Париждин "ПСЖ" клубу Неймар үчүн 222 миллион евро сунуштап жатканы маалымдалган. Бул тарыхтагы эң кымбат келишим болуп калышы толук ыктымал. Атактуу футболчунун клуб алмаштыруусу 7-август күнү расмий жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0