Зидан Роналдунун "Реалдан" кетиши тууралуу үн катты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүү"Реал" клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан жана футболчу Криштиану Роналду. Архив
Реал клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан жана футболчу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналду салык чырынан улам башка клубга кетээрин ЖМКлар жазып чыккан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Криштиану Роналду "Реал" клубунан кетпейт. Бул тууралуу аталган команданын башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан ESPN телеканалына маек куруп жатып билдирген.

Анын айтымында, учурда атактуу футболчу Криштиану Роналду жайкы эс алууда.

"Роналду эс алуусунан кийин "Реалда" машыгуусун улантат", — деген Зидан.

Белгилей кетсек, буга чейин "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналду салык чырынан улам өзүнүн учурда ойноп жаткан футбол клубунан чыгып жана Испаниядан кете тургандыгы тууралуу португалиялык A Bola журналы жазып чыккан.

Буга чейин эң көп кирешелүү футболчулардын сап башында турган Роналдуну өлкөнүн прокуратурасы 2011-2014-жылдар аралыгында 700 миң евро өлчөмүндөгү салыкты казынага төлөбөй койгон деп күнөөлөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0