Футболчу Айдана: оорудан эптеп бутка турганда апамдан айрылып калдым

© Sputnik / Жоомарт УраимовФутболистка сборной Кыргызстана и мастер спорта КР Айдана Оторбаева
Футболистка сборной Кыргызстана и мастер спорта КР Айдана Оторбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21 жаштагы спортчу Айдана Оторбаева 7-июль күнү футбол боюнча КРдин спорт чебери аталды. Учурда "Бишкек" футбол клубунда ойнойт. Оторбаева футбол боюнча өлкөнүн беш жолку чемпиону жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Футболчу кыз журналист Гүлдана Талантбековага эмне себептен чачын желкеден кырктырганы, дарыгерлердин рак диагнозун коюшкандыгы жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

— Айдана, алгач футбол боюнча спорт чебери болушуңуз менен куттуктайм. Наам убагында эле берилдиби?

— Кыздар наамга талапкер катары арызды бир жыл мурун эле бергенбиз. Негизи спорт чеберин 2013-жылы алышым керек эле. Ага татыш үчүн улуттук курама команданын катарына кирип чемпиондукту утуп, эл аралык беттештерге катышуу керек. Мен бардык баскычтардан өткөм. Мындай иштер үчүн машыктыруучу жүгүрүшү керек. Мен мурун ойногон "Абдыш-Ата" клубунда жетекчилер аталган иштер менен алектенчү эмес. Наамды "Бишкек" клубуна өткөндөн кийин алып жатам. Кубанычтамын! 

— "Абдыш-Атадан" башка спорт клубуна өтүшүңүзгө эмне түрткү болду?

— Машыгуулар Кант шаарында болгондуктан, борборго барып-келүү кыйынчылык жаратты. Негизи башында "Бишкек" клубунда беш жыл ойноп кийин "Абдыш-Атанын" курамында 4 жыл болдум. Анан кайрадан борборго которулдум.

— Спортчулар бир клубдан экинчисине өтүү кыйын деп айтышат?

— Машыктыруучу, команда менен эч кандай пикир келишпестик болгон жок. Учурда Кыргызстанда кыздар арасында футбол популярдуу болбогондуктан оюнчуларды акча үчүн алмашуу деген түшүнүк жок. Андыктан бир клубдан экинчисине өтүү жеңил. 

© Sputnik / Жоомарт Ураимов21 жаштагы спортчу Айдана Оторбаева: негизи спорт чеберин 2013-жылы алышым керек эле
21 жаштагы спортчу Айдана Оторбаева: негизи спорт чеберин 2013-жылы алышым керек эле - Sputnik Кыргызстан
1/3
21 жаштагы спортчу Айдана Оторбаева: негизи спорт чеберин 2013-жылы алышым керек эле
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйдана Оторбаева: Бишкекке келип дарыгерлерге көрүнгөнүмдө жүрөктүн үшүн алып бирде артрит, рак, кургак учук деп айтып жатышты
Айдана Оторбаева: Бишкекке келип дарыгерлерге көрүнгөнүмдө жүрөктүн үшүн алып бирде артрит, рак, кургак учук деп айтып жатышты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Айдана Оторбаева: Бишкекке келип дарыгерлерге көрүнгөнүмдө жүрөктүн үшүн алып бирде артрит, рак, кургак учук деп айтып жатышты
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйдана Оторбаева: 2-классымда футбол ийримине жазылганы барганымда боюң кичинекей экен деп албай коюшкан
Айдана Оторбаева: 2-классымда футбол ийримине жазылганы барганымда боюң кичинекей экен деп албай коюшкан - Sputnik Кыргызстан
3/3
Айдана Оторбаева: 2-классымда футбол ийримине жазылганы барганымда боюң кичинекей экен деп албай коюшкан
1/3
21 жаштагы спортчу Айдана Оторбаева: негизи спорт чеберин 2013-жылы алышым керек эле
2/3
Айдана Оторбаева: Бишкекке келип дарыгерлерге көрүнгөнүмдө жүрөктүн үшүн алып бирде артрит, рак, кургак учук деп айтып жатышты
3/3
Айдана Оторбаева: 2-классымда футбол ийримине жазылганы барганымда боюң кичинекей экен деп албай коюшкан

— Канча жашыңыздан бери футбол менен алектенип келе жатасыз?

— Мен жөрмөлөгөндөн тарта эле топко жакын өсүптүрмүн. Беш жашка чыкканда топ тебе баштадым. 2-классымда футбол ийримине жазылганы барганымда боюң кичинекей экен деп албай коюшкан. Ошентип кийинки жылы алышкан. Ортодо ооруп калган жылдарды кошпогондо 10 жылдан бери ойноп келе жатам.

— Эмне менен ооругансыз?

1980-жылы Москвада өткөн олимпиаданын алтын медалынын ээси, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Осмоналиев: небере кызымдын атын Олимпиада койгом
— Бүгүнкү күнгө чейин эмне менен ооруганымды так түшүнө албайм. Дарыгерлер да бир жыйынтыкты айта албай коюшту. 2015-жылы улуттук курама команда менен Бахрейнге жолдоштук мелдешке жөнөп кеткенбиз. Андан мурун жакшы эле жүргөм. Аэропортко түшкөндө сол бутум ооруп баштады. Башында жөн эле кайрып алсам керек деп маани берген эмесмин. Кийинки күндөрү бутум шишип бут кийим батпай, командам мейманканага көтөрүп барды. Ал жактан дарыгерлер артрит болушу мүмкүн деп айтышты. Укол алып биринчи оюнга катышкан жокмун. Ошол оюнда утулуп калыптырбыз. Экинчи оюнду машыктыруучум сөзсүз ойношуң керек деп калды. Ал учурда экинчи бутум да бастырбай төшөктө жатып калдым. Жаак сөөктөрүм ооруп тамак жей албай, 10 килограмм арыктап кеттим. Бишкекке келип дарыгерлерге көрүнгөнүмдө жүрөктүн үшүн алып бирде артрит, рак, кургак учук деп айтып жатышты. Дарылануу кымбатка турду. Арасынан оорууну айыктырууга толук мүмкүн болгон күчтүү дары чыкты. Бирок, таасири бөйрөктү иштен чыгарып, эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратаарын билгенде баш тарттым. Айлабыз түгөнгөндө элдик медицинага чейин баш бактык. Кытай медицинасынан жакшы дарыгер таап, таяк менен басып күндөн күнгө жакшы боло баштадым. Эми азаптуу күндөн арылдым дегенде апам каза болуп калды. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйдана Оторбаева: Кыргызстанда футболдун жеткен чегине чейин ойнодум. Эми чет өлкөгө чыгып дүйнөлүк клубдар менен иштешейин деген оюм бар
Футболистка сборной Кыргызстана и мастер спорта КР Айдана Оторбаева - Sputnik Кыргызстан
Айдана Оторбаева: Кыргызстанда футболдун жеткен чегине чейин ойнодум. Эми чет өлкөгө чыгып дүйнөлүк клубдар менен иштешейин деген оюм бар

—Жаман болуптур…

2008-жылы Бээжинде (Пекин) өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында күмүш медаль женген Канатбек Бегалиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: жылдыз оорусуна кабылып, спортту унутуп койгонума өкүнөм
— Апам авто кырсыктан улам каза болду. Кайгырып жүрүп кайрадан ден соолугум начарлай баштады. Жашоону улантууга дем күч берген футбол болду. Ойной албай калган күндөрү футбол тууралуу видеолордон көзүмдү алчу эмесмин. Акыры кайрат кылып, күчүмдү жыйнадым. Эки айдан кийин көнүгүүлөрдү жасап, кийинки айда чуркап калдым. Жалпысынан бир жыл оору менен алыштым. Эмне менен ооруганымды деле билбейм. Көз тийсе керек деп айткандар болду. Апам деле артрит менен ооручу, ага чейин иштин көптүгүнөн стресс болгом. Азыр абалым жакшы. Азаптуу күндөрүмдү эстегим келбейт.

— Түшүнүктүү. Мурун социалдык тармактан чачыңыз узун болгон сүрөттөрдү көп көрчү элем?

— Жайында досум менен мелдеше кетип утулуп калдым. Буга чейин ага жарым жылга чейин чачымды кыска алып жүрөм деп убада берип койгон элем. Жаңы жыл күнү, 31-декабрда сүрөттөгүдөй кырктырдым. Өзүм деле кыска чачты каалап жүргөм. Ар кандай пикирлер болду. Өзгөчө социалдык тармакта талкууга түшүп жаттым. 

© Фото / пресс-служба ФФКРАйдана Оторбаева: учурда Кыргызстанда кыздар арасында футбол популярдуу болбогондуктан оюнчуларды акча үчүн алмашуу деген түшүнүк жок
Женская сборная КР по футболу - Sputnik Кыргызстан
Айдана Оторбаева: учурда Кыргызстанда кыздар арасында футбол популярдуу болбогондуктан оюнчуларды акча үчүн алмашуу деген түшүнүк жок

— Футболдо каражат жагы кандай?

— "Абдыш-ата" клубунда ойноп жүргөндө 5 миң сомго чейин стипендия берилчү. Окуу жайда бюджетте окуганым да жакшы болуптур. Жашың өйдөлөгөн сайын каражат көп кетет экен. Менде деле акча жагынан тартыш учурлар болот. Бирок, бийик кыялдарың болсо чыдамкай болот экенсиң.

— Футбол талаасында атаандашуулар тууралуу айта кетсеңиз?

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты
— Кышында Алматыга барганда тажик кыздар менен беттешип калдык. Атаандаш команданын бир кызы менен түртүшүп кетип жыгылып түшсөм, бутка бир тепти, жиним келип артты карасам экинчи кызы топ менен тээп жатпайбы. Ушундай ачуум менен тура калганымда калыс келип токтотуп койду. Негизи сабырдуу болгонго аракет кылам. Сөгүнүп-сагынып, албууттанган деле кыздар бар. Эркек балдар менен ойногондо алар бизди кыз деп аяшпайт деле. Беш жыл мурун бир бала башы менен топту сүзөм деп мурдумду канжалаткан. Бир чети футболдогу эмоция стрессти чыгарганга жардам берет. 

— Футбол спорттун жеке кармашына кирбегендиктен физикалык жактан оор машыгууну деле талап кылбайт. Башкача айтканда денең буура булчуңдарга караганда ар дайым чыйрак жүрөт. Футболчу кыздарга суктанган жигиттер көп болсо керек?

— Учурда жигитим бар. Өзү да мурун футбол ойночу. Эң башкысы жумушумду сыйлайт. Мага "топ тепкен кыздардын иши эмес" деп айткандар жакпайт. Мени жактырган адам, ишимди да жактырышы керек.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Кыргызстанда футболдун жеткен чегине чейин ойнодум. Эми чет өлкөгө чыгып дүйнөлүк клубдар менен иштешейин деген оюм бар. Бул планымдын чети күзүндө ашат деп турам. Экинчи билимимди да чет өлкөдөн алгым келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0