ЖМК: Месси жумасына 1 млн. фунт табат

© AFP / OSCAR DEL POZOАргентинский форвард Барселоны Лионель Месси
Аргентинский форвард Барселоны Лионель Месси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, аргентиналык футболчунун жылдык кирешеси 61,9 миллион еврону түзөт.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Аргентина курама командасынын чабуулчусу жана испаниялык "Барселона" клубунун оюнчусу Лионель Месси жумасына миллион фунт стерлинг алган дүйнөдөгү жалгыз футболчу болмокчу. Бул тууралуу Р-Спорт агенттиги Британиялык The Times басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Барселона" шаршемби күнү өзүнүн расмий сайтында Месси менен болгон келишим 2021-жылдын 30-июнуна чейин узартканын жарыялаган.

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн турнирде экинчи болду. Беттештин видеосу
Клубдагы ишенимдүү булактардын берген маалыматына караганда, футболчу бир жылда 54,8 миллион фунт (61,9 миллион евро) табат. Буга ылайык анын жумалык маянасы миллион фунттан ашат.

Басылмада айтылгандай Мессинин кирешеси "Реал" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдуну (жумасына 365 миң фунт) артта калтырат. Анткен менен португалиялык футболчунун жалпы кирешеси Мессиникинен көп.

Учурда 1 фунт стерлинг 90 сомго жакын акчаны түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0