Башка мамлекеттин таламын талашкан кыргыз балдары

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФигурное катание. Чемпионат мира. Женщины. Произвольная программа
Фигурное катание. Чемпионат мира. Женщины. Произвольная программа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары ЖМК беттерине чет өлкөдө жүрүп, ийгиликтерди багындырган кыргызстандыктар чыгып жүрсө, эми алардын кийинки мууну — балдары кубандыра баштады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашап, иштеп жүргөн кыргыздардын спорт жаатында аты чыккан уул-кыздары тууралуу билип көрдү.

© Фото / Кемелбек ЧороевУшул жылдын башында ритмикалык гимнастика боюнча мелдеште 8-10 жашка чейинкилердин арасынындагы К6 категориясында 1-орунга ээ болгон Бермет Чороева
Победительница соревнования по художественной гимнастике в Германии Бермет Чороева - Sputnik Кыргызстан
Ушул жылдын башында ритмикалык гимнастика боюнча мелдеште 8-10 жашка чейинкилердин арасынындагы К6 категориясында 1-орунга ээ болгон Бермет Чороева

Бермет Чороева

Жаш спортчу, Жан-Клод Ван Даммдын чыныгы күйөрманы Мухаммед Али Хасанакунов - Sputnik Кыргызстан
Оштогу балакай "Ван Дамм" турникке шпагатка отуруп, чимириле тээп өнөрүн көрсөттү
Кыргызстанда туулуп-өскөн Кемелбек Чороев аттуу жигит үй-бүлөсү менен Германиянын Бавария аймагындагы Мюнхен шаарында жашайт. Анын 10 жаштагы Бермет аттуу кызы көркөм  гимнастика менен алектенип, катышкан мелдештеринен алдыңкы орундарды ээлеп келет. Мисалы, ушул жылдын башында ритмикалык гимнастика боюнча мелдеште 8-10 жашка чейинкилердин арасынындагы К6 категориясында 1-орунга ээ болгон

Берметтин апасы Кундуз Чалапинованын айтымында, кызы гимнастикага 4 жашынан аралашкан. Кичинекей спортчу мындан тышкары, сүрөт, теннис, музыка жана шахмат ийримдерине катышат. Атургай сүрөт тартуу боюнча сынактарга эки жылдан бери катышып, 1-орунду эч кимге бербей келет.

© Фото / Тилек АйтназаровТогуз жашар Темур Айназаров Россиянын Санкт-Петербург шаарында спорттун жиу-житсу, грэпплинг жана жоокердик самбо боюнча мелдештерге катышып ийгилик жаратып жүрөт
Молодой боец по джиу-джитсу Темур Айтназаров - Sputnik Кыргызстан
Тогуз жашар Темур Айназаров Россиянын Санкт-Петербург шаарында спорттун жиу-житсу, грэпплинг жана жоокердик самбо боюнча мелдештерге катышып ийгилик жаратып жүрөт

Темур Айназаров

Тогуз жашар Темур Айназаров Россиянын Санкт-Петербург шаарында спорттун жиу-житсу, грэпплинг жана жоокердик самбо боюнча мелдештерге катышып ийгилик жаратып жүрөт. Ал соңку үч жылда Россиянын 27 медалына ээ болгон. Темур беш жашынан тартып эле спортко аралаша баштаган. Учурда ал "Стоун Файт" деп аталган спорт клубунда бразилиялык Валсио Сенно аттуу машыктыруучунун колунда тарбияланууда. Жаш спортчунун өзүнүн айтымында, спорт залга эки күндө бир жолу барат. Ал жердеги жалгыз кыргыз болгондуктан, машыктыруучусу ага өзгөчө мамиле кылып, жылуу мамиледе экен. Азырынча Россиянын аймыгадагы эле мелдештерге катышып жүргөн Темур келечекте дүйнө чемпиону болууну кыялданат.

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЭлизабет 2015-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарындагы мелдеште экинчи орунду, 2016-жылы Жаштар арасындагы II олимпиадалык оюнда жана 2017-жылы Кышкы Азия оюндарында үчүнчү орундарды ээлеген
Фигурное катание. Чемпионат мира. Женщины. Произвольная программа - Sputnik Кыргызстан
Элизабет 2015-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарындагы мелдеште экинчи орунду, 2016-жылы Жаштар арасындагы II олимпиадалык оюнда жана 2017-жылы Кышкы Азия оюндарында үчүнчү орундарды ээлеген

Элизабет Турсынбаева

Кыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Казанда калыска нааразы болгон Дастан Шаршеев реванш-беттеште атаандашын жеңди. Видео
Казакстандык муз бийчиси Элизабет Турсынбаеванын апасы Кыргызстандын Аксы районунда туулуп-өскөн кыргыз кызы Падишахан Султаналиева. Өзүнүн айтымында, мектепти аяктаары менен Москвага барып, МГУнун экономика факультенде билим алган. Жолдошу казакстандык. Учурда үй-бүлөсү менен Канадада жашашат. Элизабет 2015-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарындагы мелдеште экинчи орунду, 2016-жылы Жаштар арасындагы II олимпиадалык оюнда жана 2017-жылы Кышкы Азия оюндарында үчүнчү орундарды ээлеген. Акыркы үч жылдан бери Казакстандын чемпиондгун эч кимге бербей келет.

"Кызым конькиге биринчи жолу 4 жашында турган. Алгачкы машыгууларын Москва шаарында баштап, 2013-жылдан бери Канаданын Онтарио шаарында жашап жатабыз", — деди апасы.

© Фото / Асель Рахманова Ата-энеси менен Россияда жашап, дзюдо менен машыккан Бекзат Турдумамбетов
Юный дзюдоист из Кыргызстана Бекзат Турдумамбетов - Sputnik Кыргызстан
Ата-энеси менен Россияда жашап, дзюдо менен машыккан Бекзат Турдумамбетов

Бекзат Турдумамбетов

Ата-энеси менен Россияда жашап, дзюдо менен машыккан Бекзат Турдумамбетов 10 жашта. Москва шаарындагы мектептерди биринде билим алган Бекзат окуунун отличниги. Футбол, сууда сүзүү ийримдерине катышат. Бирок машыккан спортунун негизги түрү —  дзюдо. Эки жылдан бери Sensei клубунда машыгып, бир катар шаардык жана клубдар аралык мелдештерге катышып келет. "Быйыл клубдар арасында өткөн Балдадын дзюдо боюнча IV ачык турнирде 38 килограммга чейинкилер арасында биринчи орунду ээлеп, өзү машыккан клубдун намысын коргоду", — деди апасы Асел Рахманова.

Бекзаттын баалаган спотчусу — Лионель Месси. Келечекте спортто Месси жетишкен бийиктиктерди багындырып, Кыргызстандын желегин желбиретүүнү максат кылат.

No tengas miedo de renunciar lo bueno para ir a por lo grande.⚽️🙏😍

Публикация от Erbol Atabaev (@erbolitos) Апр 24 2017 в 2:58 PDT

Эрбол Атабаев

Мындан бир нече жыл мурда кичинекей кыргызстандык Эрбол Атабаев Испаниянын айтылуу "Барселона" футбол клубунун академиясына окууга өтүп, барыбызды кубандырган. Учурда ата-энеси Барселона шаарында жашап, "Гава" клубунун курамында машыгып жатканын жергиликтүү ЖМКларга КРдеги Испания мамлекетинин ардактуу консулу Таалайбек Бапанов билдирген. Анын айтымында, былтыр 15 жашка толгон Эрбол Испаниянын мыйзамдарына ылайык, футболчу катары профессионалдык клубдардан чакыруу алууга укутуу. Футболчу алгачкы машыгууларын Канттын "Абдыш-Ата" клубунан баштап, Испанияга кеткенге чейин россиялык "Рубинге" ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0