Канатбек Бегалиев: жылдыз оорусуна кабылып, спортту унутуп койгонума өкүнөм

© Sputnik / Табылды Кадырбеков2008-жылы Бээжинде (Пекин) өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында күмүш медаль женген Канатбек Бегалиев маек учурунда
2008-жылы Бээжинде (Пекин) өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында күмүш медаль женген Канатбек Бегалиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 23-июнь эл аралык Олимпиада оюндарынын күнү. Кезинде ийгилик жараткан ата-мекендик олимпиадачылар учурда кайда, эмне менен алек экендиги көбүн кызыктырса керек.

2008-жылы Бээжинде (Пекин) өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында тайманбас балбан Канатбек Бегалиев өлкөнүн атынан биринчи жолу күмүш медаль тагынып, кыргыздын атын алыска тааныткан. Спортчу грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын (2006) күмүш жана Азия чемпионатынын (2007) алтын медалынын ээси.

© AFP / VALERY HACHEПекинде өткөн Олимпиада оюндарында спортчу күмүш медаль тагынган
Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында спортчу күмүш медаль тагынган

34 жаштагы Улуттук курама команданын грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу, 5 баланын камкор атасы Канатбек Бегалиев менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Канат мырза, мындан 9 жыл мурун, тагыраагы Бээжинде өткөрүлгөн олимпиада оюнунда күмүш медаль тагынгандан кийин берген интервьюларыңызда "алтын медаль алмайынча спорттон кетпейм" деп айтыптырсыз. Ошол оюңузду аткара алдыңызбы?

— Айтылган тилегимдин жарымын аткара алдым. Олимпиадада утулган француз балбаны Стив Гуенону Дүйнөлүк биринчиликте жеңип алгам. Ошондон кийин өзүмдү жоошутуп, жаным жай алды.

— Убагында франциялык атаандашыңыз Стив Гуено менен Белоруссияда мелдеш алдында машыгуу үчүн жыйында чогуу болгондуктан, айрым ыкмаларымды ачык көрсөтүп коюп, бекер кылыптырмын деп айтыптырсыз?

Боец по смешанным единоборствам (ММА) Тилек Машрапов - Sputnik Кыргызстан
АКШны багындырган таш муштум Машрапов: Россияга эл катары үй-бүлөмдү багам деп баргам
— Утулган спортчу утулганын эч убакта моюнга албайт. Спортчулардын жаман жери ушунда. Ал жаш кездеги шылтоо болсо керек. Анда франциялык балбандын жылдызы жанып турган убак эле. Буйрук экен, чучукулак эки жолу анын пайдасына түшкөн.

— Сизди спорт чөйрөсүндөгүлөр "күмүш бала" дешет экен?

— Кичинекей кезимен тарта экинчи орундарга көп илиндим. Үйдө күмүштөрүм абдан көп. Азия оюндарында биринчиликти утканбыз, чоң мелдештерде экинчи болуп жүрөм.

—Килем үстүндө ийгиликтерди жаратып жүрүп бат эле машыктыруучулукка өтүп кеттиңиз окшойт?

— Күмүш медалды алган кезде болгону 25 жашта экенмин. Отуз жашка чейин күрөшүп, жыйынтык көрсөткүдөй мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ачыгын айтайын, жаштыкка салып койдум. Дене оорусу менен биргеликте жылдыз оорусуна да чалдыктым.

© Фото / предоставлено Канатбеком БегалиевымКанатбек Бегалиев жубайы менен
Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев с супругой - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев жубайы менен

— Жылдыз оорусу менен кантип оордуңуз?

— Адам жылдыз болгондо өзүнө байкалбайт экен. Колу-бутум ооруп жатат деген шылтоо менен машыгууларды калтырып, залга баш бакпай калгам.

— Анан өкүнгөн жоксузбу?

— Өкүнөм, спорттун өмүрү абдан кыска болот. Спорттук карьераң бүткөндөн кийин кемчиликтериңди билесиң.

© Sputnik / Табылды КадырбековКанатбек Бегалиев: айтылган тилегимдин жарымын аткара алдым. Олимпиадада утулган француз балбаны Стив Гуенону Дүйнөлүк биринчиликте жеңип алгам. Ошондон кийин өзүмдү жоошутуп, жаным жай алды
Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: айтылган тилегимдин жарымын аткара алдым. Олимпиадада утулган француз балбаны Стив Гуенону Дүйнөлүк биринчиликте жеңип алгам. Ошондон кийин өзүмдү жоошутуп, жаным жай алды

— Кийин ардагерлер арасындагы мелдештерге чыгайын деген оюңуз барбы?

— Ачыгын айтканда, жанымды кыйнагым келбейт. Убагында көп машыгып, жалкып калсам керек. Болбосо дени-кардым Кудайга шүгүр, саламаттыгым жакшы.

— Тиги жалпайып калган кулактарыңыз да күрөштүн кесепетинен болсо керек?

Кыргызстандык боксчу Басызбек Баратов (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда намыс талашкан "baby" мушкер Баратов: акыры мекенге барып, балдарды машыктырам
— Тамаша ирээтинде бир окуяны айта кетейин. Илгери кулагым жаңы сынган кезде 38-автобуста кетип баратсам, апалар "бул бечараныкы тубаса окшойт" деп сүйлөшүп калышты. Башкаларга өөн көрүнгөнү менен, биз көнүп калдык. Меники төрт жолу сынды. Нервдери өлгөн, кышкысын үшүбөйт.

— Сиздики килем үстүндө сынды беле? Кээ бирөөлөр кыйналбайын деп өздөрү сындырып коюшат турбайбы.

— Өзүнүн кулагын өзү сындырган балбандарды түшүнө бербейм. Бүгүнкү күндө операция аркылуу болсо да кулагыңды калыбына келтирип берем дешсе, акчамды аябайт элем.

— Сиз алгачык жолу күмүш алгандан бери куржунубуз колодон башка байгени көрө элек. Себеби эмнеде болушу мүмкүн?

— Спорт тармагындагы адамдар ниетин оңдоп, биргеликте иштеши керек деп ойлойм. Спортко өзүнүн кесибин так билген адам керек. Жалпысынан айтканда система жаатында жаңылануу болбой жатат.

— Бир кездери спорт жаатына жыл сайын бөлүнгөн акчалар орду менен иштетилбей, ортодо коррупциялык иштер болуп жатат деп айтып чыккан элеңиз…

— Бул пикирди ачыктайм деп бүгүнкү күнгө чейин тоскоолдуктарга кабылып келем. Жумуш керек, үн катпайын деп чечкем.

— Сиздин мүнөзүңүздү ачык-айрым деп угам. Көп жерден жапа чекпейсизби?

— Сөзсүз түрдө зыянын тартам. Бала кезимен бери бетке айтып, сөз ыргыта сүйлөгөн кыялым бар.

© Фото / предоставлено Канатбеком БегалиевымКанат Бегалиевдин шакирти Азия чемпионатында алтынга татыган
Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Канат Бегалиевдин шакирти Азия чемпионатында алтынга татыган

— Түшүнүктүү. Учурда спорттон тышкары эмне менен алектенип жүрөсүз?

— Улуттук курама команданын грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусумун. Бул жумуш да оңой эмес. Ушак айың, көрө албастык, өйдө-төмөн нерселер боло берет. Тогуз жашымдан бери өзүмдү спортко арнап келе жатам. Түш көрсөм, түшүмө спорт кире берет. Спорттон эч убакта алыстабайм. Кошумча чакан бизнесим бар.

— Машыктыруучу катары өзүңүзгө кандай баа берет элеңиз. Адатта балдарды физикалык жактан машыктыргандан сырткары, моралдык-нравалык жактан тарбия бериш керек, болбосо спортту жеке кызыкчылыктарга колдонуп, көчө спортчусуна айланып кетет деп кооптонушат экен?

Кикбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык “Нео” Сеулдагы мелдеште атаандашын жыга чапты. Кармаштын видеосу
— Бизде тартип биринчи орунда. Ар бир чогулуш сайын накыл кептерди кулактарына куям. Бир мүнөт кечиккен бала эшикти сыртынан жабат. Чогуу күрөшүп жүргөн балдар кийин алдымда окуучум болуп калды. Балдарга "жумуш менен досчулук эки башка, көчөдөн байкемин, залдан агайыңармын" деп түшүндүрүп айткам. Эртең менен кечинде машыгышат, калган убакта бош болушат. Чет мамлекетке чыкканда англис тилинен кыйналабыз. Ошондуктан тил үйрөнгүлө, өзүңөрдү өнүктүргүлө деп кеңеш берем. Жаман жолго түшкөн балдарды сынактан өзүн көрсөтө албаган "чала спортчу" катары карайм.

— Сизде деле конфликт болгон жерде маселени муштум менен чечип койгон учурлар болду беле?

— 2007-жылы Дүйнөлүк чемпионат алдында туугандар кафеге чакырып калышты. Ошол жерде иштеген бала намысыма тийгенде мушташып кеткем. Тиги бала эртеси арыз жазып коюптур. Милициялар камайбыз деп айлабызды кетирген. Жол киреге акча жок кезде атамдын машинесин сатып, башынын сыйрылганына 4 миң доллар төлөп бергем. Ал кезде бир топ эле акча болчу. Ошол унутулгус күндөрдүн бири болду. Бир четинен сабак десем болот. Азыр конфликт болгон жерден алысмын, кечиримдүү болгонго аракет жасайм.

© Фото / предоставлено Канатбеком БегалиевымСпортчу үч кыз эки уулдун атасы
Дети серебряного призера Олимпийских игр в Пекине, борца греко-римского стиля Канатбека Бегалиева - Sputnik Кыргызстан
Спортчу үч кыз эки уулдун атасы

— Эми жеке жашооңуз тууралуу суроо берсем. "Үйлөнөм" дегениңизде машыктыруучуңуз, "сени Олимпиадага даярдап жатсак… Үйлөнсөң спортко көңүл бурбай каласың" деп таарынышкан экен.

— 2006-жылы агайым алдыда Дүйнөлүк чемпионат, анан Олимпиада оюндары бар деп калды. Мен Дүйнөлүктө жеңишке жетсем, уруксат бересиз деп макулдашып алганбыз. Беттештен экинчи орунду алганда "сени урушуп туруп эле үйлөндүрбөй койсом, биринчини алмак белең" деген. Бирок үйлөнгөнүмдүн чоң жардамы тийди деп ойлойм. Себеби Азия чемпиону болуп, кийин Олимпиада оюнунда ийгилик коштолду. Учурда келинчегим экөөбүздүн беш балабыз бар. Үч кыз, эки уул. Күндүз окуучу балдар менен бака-шака болсом, үйдөгү балдарым андан кем калышпайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековКанатбек Бегалиев: тогуз жашымдан бери өзүмдү спортко арнап келе жатам. Түш көрсөм, түшүмө спорт кире берет. Спорттон эч убакта алыстабай
Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: тогуз жашымдан бери өзүмдү спортко арнап келе жатам. Түш көрсөм, түшүмө спорт кире берет. Спорттон эч убакта алыстабай

— Спортчуларга кайсы бир убакта үйлөнүүгө эмне үчүн тыюу салынат?

— Үйлөнгөндөн кийин бир жыл күрөшүң токтойт. Биринчиден күч-кубат кетет, күн тартиби бузулат, денең бир сыйра бошойт. Спортчулар ийгилик артынан кууй беришсе, кыздар сыяктуу кара далы болуп калышат.

— Спортчулардын жашоосун түшүнүү кыйын болсо керек. Эртең менен кечинде машыгуу, бир нече айлап кеткен командировкалар. Ушунун баарына келинчегиңиз бат эле көндүбү?

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн алдыңкы үч балбанынын катарына кирди
— Баш кошконго чейин бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле жасайбыз деген келишим болгон. Бирок эки ай түшүнбөстүктөр болуп, кийин көндү. Спортчулар жаш баладай болот. Болор-болбос шамалга суук тийип, муздак ичсе тамагы ооруп калат. Убагы менен уктап, режим менен тамактанып, витаминдерди ичип турасың. Кыскасы бир гана өзүңдү карашың керек.

Мен көлдө балдарды машыктырып жүргөндө, келинчегим менен телефондон урушуп калдык. Ачуум келип "сен спортчу экенимди билгенсиң, анан эмнеге тийдиң" десем, "спортчу экениңизди билгем, бирок машыктыруучу болуп кетээриңизди каяктан билиптирмин" деген (күлүп).

— Жакшы ырдайт деп угам, азыр ырдап турасызбы?

— Ырдаганды абдан жакшы көрөм. Чарчаган маалда достор менен караокеге барып турам.

— Алдыда пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

— Жакында жумушумду улук машыктыруучу болуп эмгектенген Азат Эркинбаев деген жигитке өткөрүп, өзүм грек-рим күрөшүнүн вице-президенти болоюн деп турам.

Бүгүнкү күндө курама команданын машыгуучу залынын жоктугу көңүлдү кейитет. Ишкерлигимди өнүктүрүп, спортчуларыбызга машыгуучу жай салып берейин деген планым бар. Саясатка болгон кызыгуум күч. Келечекте саясатка барып, спортко салымымды кошууну максат кылуудамын.

Жаңылыктар түрмөгү
0