"Самоордун чайы, таттуу наныбыз бар". Туланын "Арсеналы" Роналдуну өзүнө чакырды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Португалия - Австрия
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Португалия - Австрия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туланын футболдук клубу социалдык тармак аркылуу атактуу футболчуга сунуш киргизди

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Туланын "Арсенал" футболдук клубу атактуу футболчу Криштиану Роналдуну өзүнүн катарына чакырып, асмандаган акча убада кылбаса да ысык чай, таттуулар менен сыйлаарын билдирген. Бул туурасында Twitter баракчасындагы клубдун расмий аккаунтуна маалымат жайгаштырылган. 

​"Криштиану, сени чыдамсыздык менен күтөбүз. Бере турган асмандаган акчабыз жок, анткени менен самоордо кайнаган чайыбыз, таттууларыбыз жана өз колубуздан чыккан филимон оюнчуктарыбыз бар", — деп жазылган.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары 32 жаштагы атактуу футболчу Испаниянын "Реал Мадридинен" кетээрин жазды. Анын себебин Роналду салык чырына байланыштырып, бул жагдай ага жагымсыз экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0