Роналду салык чатагынан кийин "Реалдан" кетмей болгонун басылмалар жазды

© AFP / Ben STANSALLПортугальский форвард "Реала" Криштиану Роналду
Португальский форвард Реала Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратура спортчуну 14,7 миллион евро салыкты казынага төлөбөй койгон деп күнөөлөгөн

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналду салык чырынан улам өзүнүн учурда ойноп жаткан футбол клубунан чыгып жана Испаниядан кете турганын португалиялык A Bola журналы жазып чыкты.

Футбол жылдыздары Криштиану Роналду, Неймар жана Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң көп маяна алган футболчулар аныкталды
Буга чейин эң көп кирешелүү футболчулардын сап башында турган Роналдуну өлкөнүн прокуратурасы 2011-2014-жылдар аралыгында 700 миң евро өлчөмүндөгү салыкты казынага төлөбөй койгон деп күнөөлөгөн. Эгерде сот Роналдуну күнөөлүү деп тапса, ал абакка отурат же салыктын көлөмүнөн да көп айып төлөйт.

Басылманын жазганына караганда, Роналду кетери туурасында "Реалдын" президенти Флорентино Переске айткан. Футболчунун клубдан федерациялар кубогу жана эмгек өргүүсүнөн кийин кете турганы айтылууда.

Роналду "Реал Мадридде" 2009-жылдан бери ойноп келе жатат. Ал англиялык "Манчестер Юнайтедден" Испания клубуна ал кезде асман чапчыган 94 миллион евролук келишим менен өткөн. Чемпиондор лигасында анын катышуусу менен "Реал Мадрид" эки ирет жеңүүчү болгон. Ал эми бир ирет UEFAнын Супер кубогуна ээ болуп жана Исапаниянын чемпиону аталган. Роналду мындан сырткары төрт ирет "Алтын топтун" ээси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0