Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында күч сынашат

© © United World Wrestling 2016 / Alireza AkbariБорец греко-римского стиля Акжол Махмудов
Борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште спортчулар эркин, грек-рим күрөшү боюнча беттешет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар күрөш боюнча Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн алдыңкы үч балбанынын катарына кирди
Маалыматка ылайык, 15-июндан 18-июнга чейин Кытайдын Тайчжун шаарында юниорлор арасында күрөш боюнча Азия биринчилиги өтөт. Анда кыргызстандык спортчулар эркин, грек-рим күрөшү боюнча ат салышат. Ошондой эле кыздар арасындагы күрөш боюнча өлкө намысын коргошот.

Мелдеште өлкө намысын грек-рим күрөшү боюнча Азамат Боронов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Калидин Асыкеев, Роман Ким коргошсо, эркин күрөш боюнча Анарбек Сыдыкбеков, Бекболот Мырназар уулу, Эдил Кадырбек уулу, Мансур Сыргак уулу жана Канторо Талантбек уулу күч сынашат.

Ал эми кыздар арасында Назира Марсбек кызы, Айбике Артыкалы кызы, Мээрим Жуманазарова, Байгазы Кенжебаева күрөшөт.

Учурда спортчулар Ысык-Көлдө машыгышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0