Атаандашын жыга чапкан мушкер колдоочулардан таяк жеди. Беттештеги кадрлар

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу в Бишкеке
Международный турнир по боксу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш 10-июнда Париж шаарында өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Нидерланддык мушкер Мертел Гронхарт беттешүүгө чыккан каршылашы Арут Григорянды нокаут кулаткандан кийин анын ары жактагы колдоочулары жабыла келип муштап калууга жетишкен. Бул тууралуу mmamania.com порталы жазып чыкты. 

Голландиялык спортчу Григоряндын колдоочулары финалдык беттештин мындай аяктап калышына туталанып кетишкен. Анткени беттеш учурунда Гронхарт Григорянды артынан келип урганда кулап түшкөн. Бирок жыгылып калган мушкердин эки күйөрманы залдан чыга келип жеңишин майрамдап турган спортчуну бет талаштыра койгулап киргенде уюштуруучулар ажыратып калган.

​Кийинчерээк жеңүүчү Гронхарт көрүүчүлөрдү эмоцияга алдырбай өзүн-өзү кармоого чакырып, мындай нерселер беттешти теле аркылуу көрүп отурган жаш балдарга жаман таасир калтырарын айткан.

Беттеш 10-июнда Париж шаарында өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0