Кыргызстандын жаш футболчулары кытайлыктардан 3:0 эсебинде утулуп калды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. Тренировка сборной России перед Евро-2016
Футбол. Тренировка сборной России перед Евро-2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик футболчулар 24-май күнү да Түндүк Корея менен беттешип, 10:0 эсеби менен жеңилүү ызасын тарткан.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын өспүрүм оюнчулары кытай атаандаштарынан жеңилип калды. Бул тууралуу Футбол федерациясынынан билдиришти.

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Бир айда эки алтын! Айсулуу Тыныбекова Исламиада оюндарында 2-алтынды тагынды
Маалыматка ылайык, Кытай менен Кыргызстандын 16 жашка чейинки футболчулары кездешип, беттештин соңунда 3:0 эсеби менен ата мекендик команда жеңилүү ызасын тарткан.

Учурда Кытайдын Цзянинь шаарында футбол боюнча Snow Leopard Household Chemical Cup CFA International Youth Football Tournament Jiangyin — 2017 эл аралык турнири өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курамасы 24-май күнү да Түндүк Корея менен беттешип, 10:0 эсебинде утулган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0