18:17 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Бишкекте Түрк кеңешине кирген өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын студенттери спорттун алты түрү боюнча күч сынашууда

Бишкекте төрт өлкөнүн студенттери спорттун алты түрү боюнча күч сынашууда

© Фото / Шамшар Алимжанов
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
7200

Бул мелдешке 200дөн ашык студент келген.

БИШКЕК, 18-май. — Sputnik. Бишкекте Түрк кеңешине кирген өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын студенттери спорттун алты түрү боюнча күч сынашууда. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 15-майда башталган. Ага Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Кыргызстандын студенттери катышып, волейбол, мини-футбол, стритбол, таяк тартыш, күрөш боюнча ат салышууда.

Спорттук иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин директору Канат Жанузаковдун айтымында таймашка Европадагы мелдештерге катышкан спортчулар келген.

Аталган мелдешке 200дөн ашык студенттер катышууда, иш-чара 19-майда жыйынтыкталат.

Тема боюнча

Ислам тилектештик оюндарында Каныбек Жолчубеков алтын утуп алды
Чет элдиктер кыргыз күрөшү боюнча күч сынашат
Белгилер:
мелдеш, Спорт, Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ