Арсен Эралиев боз ат минген 30 жашта! Балбан тууралуу кызыктуу 7 факты

© Фото / Кабыл МакешовБорец греко-римского стиля Арсен Эралиев
Борец греко-римского стиля Арсен Эралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыздын сыймыктуу уулу, грек-рим күрөшү боюнча белгилүү балбан Арсен Эралиев 30 жашка чыгып турган кези! Спортчу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова кызыктуу 7 фактыны сунуштайт.

Атасы көптөн бери айылдан бал, чучук салбайт…

Балбан Арсен Эралиев 1987-жылы 15-майда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулуп-өскөн. Спортчунун ийгиликтерге жетишип, балбан болушуна атасы Кадырбайдын салымы чоң. Ар тараптан колдоп, мелдешке аттанып жатканда атайын айылдан бал, чучук алып келип берчү. Атасы беш жыл мурун каза болгон. Апасы Сагын мектепте мугалим болуп иштейт. Арсен үй-бүлөдө беш бир туугандын эң улуусу. Магомед, Арлен аттуу инилери, Аида, Альбина деген карындаштары бар. Кенже иниси Арлен дагы күрөш менен алектенет. 

© AFP / JACK GUEZБалбан Арсен Эралиев
Олимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 59кг - Sputnik Кыргызстан
Балбан Арсен Эралиев

Тай кезинен таптаган машыктыруучулары

Спорт менен 15 жашында Өзгөрүш айылындагы спорт залдарынын биринен машыгып баштаган. Алгачкы машыктыруучусу Камбар Исмаилов болгон. 2000-жылы борборго келип Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайга тапшырган. Эмгек сиңирген машыктыруучу Майрамбек Ахметовдун колунда тарбияланып, учурда айылдаш агасы, 2008-жылы өткөрүлгөн Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси Канатбек Бегалиев машыктырат.

Үй-бүлөсү

2014-жылы Айзада аттуу сулууга баш кошкон. Ортодо Элмырза аттуу баланы тарбиялашат. Ал уулу тууралуу "баланы жаштайынан эмнеге жөндөмдүү экенин байкаш керек, мен спорт менен машык деп кыйнабайм, бирок алма сабагынан алыс түшпөсүнө ишенем" деп айтканы бар. 

Олимпиадага чейинки жетишкендиктери

  • 2006-жылы Таиланддын борбору Бангкокто өткөн уландар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан;
  • 2007-жылы Филиппин өлкөсүнүн Манила шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, чемпион аталган. 2007-жылы Кытайдын Бээжин шаарындагы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байгелүү болгон;
  • 2008-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга арзыган;
  • 2009-жылы Кыргызстан курама командасынын мүчөсү;
  • 2011-жылы Ташкенттеги чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда 55 килограммдык салмак категориясында чемпион аталып, алтын медаль тагынган;
  • 2011-жылы Польшанын Рада шаарында эл аралык турнирде 1-орунду ээлеген. Арсен Эралиев КРдин көп жолку чемпиону, ошондой эле 2011-жылы Азиянын чемпиону болсо, 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына катышып келген. 2013-2015-жылдары Азия чемпиондугундагы коло медалдын ээси.

Ичип кеткен жокмун! Лондон Олимпиадасы тууралуу

Балбан 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына катышып, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тарткан. Бул тууралуу "Партерде жакшы тура албай койдум окшойт. Салмакты көбүрөөк кууп койгонум терс таасирин тийгизди. Балким, бир жыл мурун эле жолдомо алып койсом, Лондонго энергия сактап бармакмын. Анан 4 жылда бир келчү мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып алдым деп өзүмө кыжырым келди. Эч ким жок жакка барып, жашынып алып намыстанып ыйладым. Бирок жеңилгенден кийин Данияр Көбөнов экөөбүздү ичип кетти деген кептер — калп" деп айтканы бар. 

© AFP / Jack GUEZОлимпиада-2016. Грек-рим күрөшү боюнча 59 килограммга чейинки салмак категориясындагы беттештен көз ирмем
Олимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 59кг - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада-2016. Грек-рим күрөшү боюнча 59 килограммга чейинки салмак категориясындагы беттештен көз ирмем

Эми ката кетирбешим керек!

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты
2016-жылы Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарына катышып, Улуттук курама команданын капитаны болуп дайындалган. Ал бул тууралуу "Олимпиада оюндарына барууну ар бир спортчу бала кезинен кыялданат. Мен буга чейин Лондон Олимпиадасына катышып, утулуп калгам. Бул жолу ката кетирбешим керек, болгон аракетти көрүп, медаль утканга аракет кылам. Ооба, 29 жашка чыктым. Бул жашта жаракат деген көбөйө берет экен. Олимпиададан кийин спорттук карьерамды токтотушум мүмкүн. Андыктан мелдешке акыркы мүмкүнчүлүгүм катары барып, катышам" деп айткан. Бирок тилекке каршы, балбаныбыз грек-рим күрөшү боюнча коло медалга жетпей, бешинчи орунга илинген. Жайкы Олимпиада оюндарынан кийин учактан түшкөн спортчулар менен болгон маекте Арсен элден кечирим сурап, көзүнө жаш алган.

Спорттон кеткенде….

Белгилүү балбан дене-тарбия жана спорт академиясын бүтүргөн. Экинчи билимин Юридикалык академиядан алган. ЖМКларга берген маектердин биринде "спорттук карьерам аяктагандан кийин, юриспруденция менен алектенишим мүмкүн" деп айтканы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0