Кыргызстандык тогуз мушкер Азия чемпиондугу үчүн ат салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу в Бишкеке
Международный турнир по боксу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 30-апрелден 7-майга чейин өткөрүлүп, кыргызстандык мушкерлер тогуз салмактык категория боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандык тогуз мушкер Азия чемпиондугу үчүн ат салышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Международный турнир Kazakhstan Open Cup-2017 в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы эл аралык мелдеште кыргызстандык өспүрүмдөр 33 медаль алышты
Мелдеш 30-апрелден 7-майга чейин Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөрүлүп, кыргызстандык мушкерлер тогуз салмактык категория боюнча күч сынашат.

Кыргызстандын намысын Мирлан Түркбай уулу, Азат Үсөналиев, Сирожидин Абдуллаев, Өмүрбек Малабеков, Нурлан Кобашев, Эрмек Сакенов, Ыктыяр Шабданбаев, Эркин Адылбек уулу жана Сергей Паренко коргойт.

Спортчуларды башкы машыктыруучу Адылкан Бекболотов жана улук насаатчы Айбек Абдымомунов жетектеп барат.

Азия биринчилигинде медалдардан сырткары 25-августтан 7-сентябрга чейин Германияда өтө турган дүйнө чемпионатына 60 жолдомо ойнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0