Ушул аптада "Ювентус — Барса", "Бавария" — "Реал" командалары беттешет

© AFP / Fabrice COFFRINIЧемпиондор лигасынын кубогу. Архив
Чемпиондор лигасынын кубогу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума ичинде көпчүлүк күткөн "Бавария" менен "Реал Мадрид" клубдары күч сынашат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Ушул аптанын шаршемби жана бейшемби күндөрү Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндары өтөт. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты жазып чыкты.

Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан FIFA рейтингинде үч тепкичке төмөндөдү
Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү "Ювентус" — "Барса", "Боруссия" —"Монако" беттеши болот. Бул оюнда Ювентус менен Боруссия өз үйлөрүндө ойношот.

Ал эми 13-апрель күнү көпчүлүк күткөн "Бавария" клубу менен "Реал Мадрид" ойносо, "Атлетико" командасы "Лестер" менен күч сынашат. Мында "Бавария" менен "Атлетико" конокторду кабыл алат.

Ушул эле командалардын жооптуу беттештери 19-20-апрель күндөрү өтөт.

Эске сала кетсек, Чемпиондор лигасынын финалдык оюну үстүбүздөгү жылдын 4-июнуна белгиленген. Өткөн жылы Чемпиондор лигасын "Реал Мадрид" утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0