Мэрдин кубогу үчүн өспүрүмдөр аралык хоккей оюну башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке
Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 5-апрелден 7-апрелге чейин уланат.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекте мэрдин кубогуна арналган өспүрүмдөр аралык хоккей боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чаранын салтанаттуу ачылышына вице-мэр Айгүл Рыскулова, мэриянын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов жана башка адамдар келип катышты.

"Турнирде Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан жалпы 8 команда ат салышат. Ал эми катышуучулар 11 жана 14 жаштагылар болуп эки курактык тайпага бөлүнүп алып ойношот", — деп жазылат маалыматта.

Мелдеш 5-апрелден 7-апрелге чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0