"Дордой" командасы "Алайды" утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч туркменского клуба "Балкан" с бишкекским "Дордоем" в Оше
Матч туркменского клуба Балкан с бишкекским Дордоем в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттешти жеңген гана команда АФК-2017 кубогунун чейрак финалына жолдомо алмак.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо борбор калаанын "Дордой" командасы менен Оштун "Алай" командасы беттешип, оюн 1:0 эсебинде "Дордойдун" жеңиши менен аяктады.

Футбол жылдыздары Криштиану Роналду, Неймар жана Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң көп маяна алган футболчулар аныкталды
Кыргызстандын эки күчтүү командасы Азия футбол конфедерациясы кубогунун тайпалык этабынын алкагында беттешти. Анда жеңген гана команда АФК-2017 кубогунун чейрек финалына жолдомо алмак. Оюнга сириялык арбитр Ханна Хаттаб калыстык кылды.

Оюндун 18-мүнөтүндө "Алайдын" оюнчусу Муролим Ахмедовго кызыл карта берилип, оюндан четтетилди.

Экинчи таймда "Дордойдун" оюнчусу Алишер Азизов башы менен топту атаандашынын дарбазасына киргизип, командасын алдыга алып чыкты.

АФК кубогу — Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0