Алптардын таймашы: "Дордой" менен "Алай" AFC кубогунун алкагында ат салышат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. РФПЛ. Матч ЦСКА - "Урал"
Футбол. РФПЛ. Матч ЦСКА - Урал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул эки клуб үчүн тең эл аралык мелдеш болуп эсептелет. AFC кубогунун алкагындагы биринчи оюндарда эки команда тең жеңилип калган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада Бишкектин "Дордою" менен Оштун "Алай" командасынын ортосунда таймаш өтөт.

Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык футболчулардын жеңиши сүрөттө
Азия футбол конфедерациясынын (AFC) кубогунун тайпалык этабынын алкагында өтүп жаткан оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 16:00дө башталат.

КР Футбол федерациясынын билдиргенине караганда, эки клубдун футболчулары маалымат жыйын өткөрүп, анда "Алайдын" оюнчусу Владимир Веревкин команданын духу күчтүү экенин билдирди.

"Дордой" — күчтүү команда, бирок биз колдон келген аракетибизди кылабыз. Жоопкерчиликти сезип, катуу даярданып жатабыз", — деди дагы бир оюнчу Анатолий Власичев.

Маалыматка караганда, мелдешке кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0