Кыргызстандын жеңил атлетчилери эл аралык турнирге даярданууда

© AFP / JOHANNES EISELE / POOLМарафончулар. Архив
Марафончулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын Душанбе шаарында өтө турган эл аралык турнирге алты жеңил атлетчи жана эки машыктыруучу барат.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жеңил атлетчилери Тажикстанда өтө турган эл аралык турнирге даярданышууда. Бул тууралуу жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматта жазылгандай, жеңил атлетчилер 30-марттан 12-апрелге чейин Каракол шаарында машыгууларын өткөрөт.

Чемпионат Азии в Центральной зоне по волейболу - Sputnik Кыргызстан
КР волейболчулары Азия чемпионатынын зоналык Кубогун жеңип алышты
Тажикстандын Душанбе шаарында өтө турган эл аралык турнирге алты жеңил атлетчи — Адилет Кыштакбеков, Виктория Полюдина, Жоодар Көчкөнбаев, Дарья Маслова, Арина Клещукова, Азамат Нуржанов жана машыктыруучулар Татьяна Борисова менен Виктор Борисов (башкы машыктыруучу) барат.

Белгилей кетсек, курама команданын командировкасын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги каржылап, жалпы 133 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0