Дүйнөдөгү эң көп маяна алган футболчулар аныкталды

© AFP / OLIVIER MORINФутбол жылдыздары Криштиану Роналду, Неймар жана Лионель Месси. Архив
Футбол жылдыздары Криштиану Роналду, Неймар жана Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары оюнчулардын жана машыктыруучулардын кирешеси бир топ жогорулаганын байкоого болот.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң жогорку маяна алган футболчулардын жана машыктыруучулардын тизмеси чыкты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги франциялык France Football басылмасына таянып жазып чыкты. 

Футболисттерден биринчи орунда бир жылда 87,5 миллион евро киреше тапкан Португалия жана мадриддик "Реалдын" оюнчусу Криштиану Роналду турат. Экинчи сапты 76,5 миллион евро кирешеси менен Аргентинанын жана "Барселонанын" жылдызы Лионель Месси ээлеген. Ал эми үчүнчү баскычта 55,5 миллион евро киреше тапкан Бразилия жана "Барселонанын" оюнчусу Неймар турат.

Нападающий ФК Реал Мадрид Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Криштиану Роналдуга карын эне эгиз балдарды төрөп берет
Ал эми машыктыруучулардын арасында биричи орунга 28 миллион евролук кирешеси менен "Манчестер Юнайтед" командасынын насаатчысы Жозе Моуринью чыкты. Экинчи болуп 23,5 миллион евро кирешелүү болгон Кытай футбол курама командасынын машыктыруучусу Марчело Липпи турат. Үчүнчү орунга 20 миллион евро кирешеси менен "Пари Сен-Жермен" командасынын мурдагы машыктыруучусу Лоран Блан ээ болду.

Маалыматка караганда акыркы жылдары оюнчулардын жана машыктыруучулардын кирешеси бир топ жогорулаганын байкоого болот. Буга кытайлык клубдардын оюнчуларга көп маяна төлөгөнү себеп болгону болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0