17:47 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
5110

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков шахмат боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карпов менен жолукту.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Борбор калаада Анатолий Карповдун шахмат академиясы ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков шахмат боюнча эркектер арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карпов менен жолукту.

  • Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карпов
    Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карпов
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Анатолий Карпов менен жолукту.
    КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Анатолий Карпов менен жолукту.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карпов

Россиялык спортчу ишемби күнү шахмат боюнча КР президентинин кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышкан.

"Сизди кумир туткандар абдан көп, шахматты баалагандар үчүн тирүү легендасыз. Сизди Бишкектен тосуп алып жатканыма абдан кубанычтамын. Сиздин келишиңиз жаш шахматчыларга дем-күч берди", — деди Жээнбеков.

Өз кезегинде Карпов советтик спортчулардын жараткан ийгиликтерин, анын ичинде Кыргызстандын спортчуларынын жетишкендиктерин дагы баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанга 40 жыл мурда биринчи жолу келгенин айтты. Андын кийин өлкөгө бир нече ирет келип, Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык турнирлерге даярданганын эстеди.

Карпов андан сырткары КР шахмат федерациясы менен биргеликте Бишкекте автордун шахмат академиясын ачуу боюнча иштер аткарылып жатканын кошумчалады.

Жээнбеков дагы Бишкекте Анатолий Карповдун шахмат академиясын ачууга жардам берерин билдирди.

Тема боюнча

Ош шаарындагы ITF таэквондо боюнча биринчиликке 150гө жакын спортчу катышты
Кыргызстанга легендарлуу шахматчы Анатолий Карпов келет
Белгилер:
шахмат, Анатолий Карпов, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ