Бишкектеги Кыргызстан — Макао футболдук оюнун сириялык калыс тейлейт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүФутбол. РФПЛ. Матч "Рубин" (Казань) - "Терек" (Грозный)
Футбол. РФПЛ. Матч Рубин (Казань) - Терек (Грозный) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан курама командасынын атаандаштары Бишкекке келишти.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстан — Макао футболдук оюнун Сириядан келген калыс Масуд Туфаели тейлейт. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Участники КВН команды Азия MIX Эрмек Кененсаров и Аким Карасаев в промо-ролике к матчу Кыргызстан — Макао. Фото с сайта Youtube - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасынын жигиттери футбол тууралуу роликке тартылышты
Азия кубогу-2019 тандоо турунун алкагындагы оюн 28-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бул кыргызстандык курама команданын 2016-жылдын март айынан берки алгачкы расмий беттеши болуп эсептелет.

Башкы арбитрдын жардамчылары Мазен Зазфон, Хусам Алхамад Алфри жана резервдеги арбитр Фераз Тафил болмокчу.

Оюнга билеттер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасында 200 сомдон 500 сомго чейин сатылууда.

Ал эми Макаонун улуттук курама командасы Бишкек шаарына жекшемби күнү эртең менен келип, машыга баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0