Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түркияда машыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасынын футболчулары машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстандын курама командасынын футболчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыгууга 23 оюнчу жана башкы машыктыруучу Александр Крестинин кетти.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түркиянын Анталия шаарында машыгууларын өткөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандык 23 футболчу башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен бирге 17-мартта учуп кетти. Курама команда ал жакта 25-мартка чейин болот.

Футболчулар Азия кубогу-2019 мелдешинин квалификациялык турниринин алкагында беттешке даярдык көрүшөт. Бишкекте 28-март күнү Кыргызстан менен Макао курама командалары оюн талаасында кездешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0